Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык аял Москвада жаңы төрөгөн ымыркайын дааратканага таштап кеткен

 Аял наристени коомдук даараткананын кабинкасында өз алдынча төрөгөн

Кыргызстандык аял Москвадагы «Коломенское»метросунун жанында жайгашкан дааратканада төрөп, наристесин унитазга таштап кеткен. Бул тууралуу «Комсомольская правда» маалымдайт.

19-сентябрда ал шаардык төрөтканалардын бирине жаткырылган. Аял дарыгерлерге наристени кайда калтырганын айтып берген. Дарыгерлер полицияга дароо кабарлашкан, бирок, ымыркай кызды ага чейин эле жер төлөөнү тазалап иштеген айым таап алган.

Ал укук коргоочуларга Андропов проспектиндеги коомдук дааратканадан кандын издерин көрүп, унитаздан ымыркайды таап алганын айтып берген.

Кош бойлуулуктун 36-38 жумалыгында төрөлгөн наристе кыз ооруканага жаткырылды. Тергөөчүлөр кылмыш ишин козгоо боюнча чечим кабыл алышууда.

Булак
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх