Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Түштүк магистралдагы сейил бакка саясатчылар менен депутаттарга караганда шаардыктар көбүрөөк бак отургузушту»

«Бишкек жашыл чарба» МИ балдарын декоративдик фигураларды бузганга уруксакт берген бишкектиктер боюнча жооп берди

Түштүк магистралдагы жаңы сейил бактын ичинде жайгашкан декоративдик фигуралар менен көк майсандын алдында «Кирүүгө болбойт» деген тактача илинип турат. Буга карабай, кээ бир ата-энелер балдарын ал жакка киргизип ойнотуп жатканын көрөсүң, бул көрүнүш көптөгөн шаардыктарды кыжырдантып, айрымдары тийиштүү сүрөттөрдү Фейсбук социалдык тармагына жарыялашкан.

Vesti.kg «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасына бул боюнча кайрылды.

- Аталган сейил бакты кайтарууга милиция милдеттүү, - дешти алар. Кээде биздин кызматкерлер мындай көрүнүшкө күбө болушат, дароо эскертүү кылышып, кирөөгө тыюу салынган жерден чыгып кетүүнү суранышат. Айып пулга жыгып же кандайдыр бир башка чара көрүүгө биздин ыйгарым укуктарыбыз жок. Биз жазага тартуучу түзүм эмеспиз. Биз болгону бактарды тигип,аларды сугарып, өсүп кеткен чөптү кыркып турабыз. Биздин агрономдор болгону эскертүү бере алышат, анткени, биз буга кайдыгер карабайбыз. Кийинчерээк сейил бак «Шаардын сейил бактары» муниципалдык ишканасына,Калича Умуралиевага өткөрүлүп берилет.

Муну менен бирге «Бишкек жашыл чарбасы» сейил бак ачылгандан бери андагы бактарды саны алда канча көбөйгөнүн белгиледи.

- Акыркы санаганыбызда бактардын саны болжол менен 350 даана болду, - дешти мекемеде. - «Бак отургуз» акциясында катышкан жөнөкөй шаардыктарды саны белгилүү саясатчылар менен депутаттарга караганда алда канча көп. Ар бир жаран кандайдыр-бир маани менен бак отургузат. Мисалы, жакында эле бир чоң ата бак отургузуп, аны Улуу Ата мекендик согушта катышкан атасына арнады. Ал бизден атасынын жашап өткөн жылдарын жазып коюну суранды. Кызын жоготкон башка бир үй-бүлө жөкө дарак тигип, аны маркум кызына арнашкан. Дагы бир үй-бүлө каза болгон белгилүү бир сүрөтчүнүн элесине арнап, бүтүндөй бир аллея тигип кетти.

Эске салсак,буга чейин Vesti.kg жаңы ачылган сейил багы бишкектиктердин купулуна толгонун жазган эле. Айрымдары балдарын жаныбарлардын декоративдик фигураларына чыгарып, мунун айынан алар шалактап баштаган.


Vesti.kg Бишкек мэриясына декоративдик фигураларды коргоого ким жооптуу экенин жана мындай тартип бузуучуларга кандайдыр-бир чара көрүлөбү-жокпу билүү үчүн кайрылган. Анда алар бул боюнча так маалымат азырынча айта алышпасын, бирок, кийинчерээк бул маселени тактап, толук маалымат бере алышаарын айтышкан эле.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх