Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин мэри Азиз Суракматов жасалма номур менен унаа айдап жүрөбу? (фото)

ЖКККББ шаар башчысы мыйзам бузганын текшерет

Бишкектин мэри Азиз Суракматов жасалма номур менен унаа айдап жүрүшү мүмкүн. МККнын электрондук кызматынын Carcheck сервисинен алынган маалыматты экономист Азамат Акенеев соцтармакта жарыялаган.

Публикацияда «01KG101АС» мамлекеттик номуру камакта турган Merсedes-Benz E420 маркасындагы автоунаага тиешелүү экени жазылган

2028-жылдын августунда ЖМКда ЖКККББ кызматкерлери Азиз Суракматовдун унаасынын тонировкасын чечип, мэрге карата протокол түзүшкөнү жазылган.

Материалга ошол эле «01KG101АС» номурдагы Lexus маркасындагы машиненин сүрөтү тиркелген.

ЖКККББ Vesti.kg сайтына бул факт боюнча текшерүү жүргүзүшөрүн билдиришти.

Мындан сырткары Vesti.kg Бишкек мэриясына дагы кайрылып, алар жоопту кийинчерээк бере алышарын айтышты.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх