Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте уулу соттолуп кеткен эне өз үйүндө эмес, көчөдө жашоодо (фото)

Уулу драмтеатрдын актрисасын өлтүргөнү үчүн соттолуп кеткен. Аял психиатриялык ооруканада турары аныкталды

Бишкекте улгайган аял дүкөндүн жанындагы отургучта күн кечирип жатат. Бул тууралуу социалдык тармактарда шаар жашоочулары билдиришкен.

Публикациянын авторунун айтымында аялды Фучик менен Чүй көчөсүнүн кесилишинен көрүшкөн.

«Эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт. Эч кимге, журналисттерге да ишенбейт экен. Менин кесиптештеримдин бири дагы жардам бере албай койду окшойт. Чоң эненин уулун драмтеатрдын актрисасынын өлүмүнө күнөөлөшүптүр. Эстей албай жатам. Атамбаевдин маалында уулунун камалганын айттты. СИЗОдо 4 жыл отуруптур, эки жылдан бери Петровкадагы абакта 20 жылдык мөөнөтүн өтөп жатыптыр. Ал күнүгө баласына шлагбаумдан Петровкага чейин барап, дүкөндүн жанындагы ушул отургучта жашайт», - деп жазылган билдирүүдө.

Vesti.kg бул боюнча Биринчи май райондук администрациясынын социалдык коргоо бөлүмүнө кайрылганда алар бул аялдын өзүнүн үйү бар экенин айтышты.

- Бул апа психиатриялык ооруканада каттоодо турат. Анын Ак-Босого конушунда үйү бар. Биздин кызматкерлер бүгүн эртең менен публикацияда жазылган дарек боюнча барышып, аны таба алышкан жок.

Ал ортодо Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков Vesti.kg сайтына аял табылганын маалымдады.

- Ал убактылуу «Коломто» ММне жайгаштырылды, маселени карап жатабыз, - деди ал.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх