Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарындагы контейнер-мектепте окуган балдар жергиликтүү клубдун имаратына көчүрүлүүдө

Маалым болгондой, балдар жаңы окуу жайынын имараты курулуп бүткүчө ал жерде окушат

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер-мектепте окуган окуучулар жергиликтүү клубдун имаратына көчүрүлө баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына облустук администрациянын басма сөз катчысы Майрамбек Өмурбаев маалымдады.

Анын айтымында имаратта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү, жаңы мектеп салынгыча балдар эми ал жерде билим алышат.

- Бөлмөлөр класстарга ылайыкташтырылды, - деди ал. - Бүгүн көчүрмөкпүз, бирок, аба-ырайынын сууктугунан сыр кургабай калды. Бүгүн жер эртең балдарды көчүрөбүз.
Эскерте кетсек, окуу жылынын башында Нарын облусунда окуучулар эски мектебинин имараты авариялык абалда болгонуна байланыштуу, убактылуу контейнерлерде билим алаары белгилүү болгон.

Коомчулук буга кайдыгер карабай, жаңы окуу мектебин курууга акча чогулта башташкан. Бирок, кийинчерээк өкмөт ал жерге өзү жаңы мектеп салаарын, анын долбоордук-сметалык документтери даяр экенин маалымдаган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх