Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги: Каркырадагы балдар чындыгында эле мурдагы мончонун имаратында окушат, бирок, шарттары жакшы

Бул мектепте башталгыч класстардын 15 окуучусу билим алары белгилү болду

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Каркыра айылында мектеп окуучулары чындыгында эле мурдагы мончонун имаратында окушат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Билим берүү министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева маалымдады.

- Бул жерде мурда мончо болчу, - деп жашырган жок Мусаева. - Мектеп чек арага жакын аймакта жайгашкан. Ал жерде 15ке жакын окуучу билим алат. Мындан сырткары, бул имаратта фельдшердик-акушердик пункт бар. Айыл өкмөтү менен Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду ал жерге ремонт жасашкан.

Мусаеванын айтымында, жогорку класстар коңшу айылда окушат. 3-4-класстын окуучуларына башка айылга жетүү кыйын, ошого байланыштуу алар өзүнчө имаратта билим алышууда.

Кечээ, 3-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева пленардык жыйында Каркыра айылында балдар мурдагы мончонун имаратында окуп жатышканын айтып, нааразычылыгын билдирген.


Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх