Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 7-класстын окуучусу оорукчан апасына жардам берүү үчүн жашыруун кайыр сурайт (фото)

 Баланын атасын өлтүрүп кетишкен, апасынын жүрөгү ооруйт

Бишкекте 7-класттын окуучусу жүрөгү оорулуу апасына жардам берүү үчүн кайыр сурайт. Ушундай аталыштагы сүрөттү кыргызстандык айым Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жүктөгөн.

Ал бардык кайдыгер карабаган адамдарды балага жардам көрсөтүүгө чакырган.

«Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде отурат деп сүрөтүн жиберишиптир. Жалгыз менин колумдан эч нерсе келбейт, мен жөнөкөй журналистмин. Биригип жардам берсек кантет? Аты Азиз, атасын бычактап кетишиптир. Ал эми 32 жаштагы апасынын жүрөгү оорулуу экен. Батирде турушат. Таластан жеткирген такси айдоочусуна жол киренин ордуна баланын телефонун беришиптир. Ал шаардагы мектептердин биринде 7-класста окуйт. Апасына унааларды жууп, акча таам жатам деп, кайыр сураганын жашырат экен. Кантип жардам көрсөтө алабыз? Сүрөттө жөнөткөн кайдыгер адам баланын көзүнөн анын чындыкты айтып жатканын дароо байкадым деди. Айылдан көчүп келгенден бери бир батирден экинчи батирге көчүп жашап жатышыптыр. Бир күнү апасынын жүрөгү кармап калса эмне болот? Психикасы кантет? Курган жашоо.. жүрөк зыркырайт», – деп жазылган билдирүүдө.​ ​

 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх