Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Менин дипломатиядагы жолум

Быйыл өлкөбүздүн тышкы иштер министирлигинин түптөлгөнүнө 75 жыл болду. Дипломатиялык карьерасындагы йрым кызыктуу фактылары жөнүндө КР Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев айтып берди

Дипломатияга алгачкы кадамым

1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде англис тили бөлүмүн бүткөм. Бир жылдан кийин Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомуна (мындан ары – достук коому) жумушка орноштум. Жогоруда сөз болгон коомдук бирикменин кеңсеси Москвада жайгашкан. Бул мекеменин советтик дипломатияда орду зор болчу. Себеби достук коому СССРдин чет өлкөлөр менен байланышында ат көтөргүс эмгек кылган жана ар бир союздук республикада анын бөлүмү бар эле. Ошон үчүн Кремль достук коомунун жетекчилигине көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди дайындаган.

Мисалы айта кетсек, достук коомунун төрайымы ааламга атагы чыккан биринчи аял космонавт Валентина Терешкова болгон. Ал эми, Кыргызстанда достук коомунда жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев он жылдан ашык жетекчи болуп иштеди. Баса, белгилей кетчү жагдай, достук коомунда бир топ мыкты жана чыгаан кыргыз дипломаттары эмгек жолун баштаган. Достук коому, коомдук – деп аталганы менен, анын ишмердүүлүгүн толук бойдон мамлекет абдан каржылаган. Ошондуктан, достук коомуна жумушка орношуп жатканда мени тымызын жеке адамдык сапатыман баштап саясий көз карашыма чейин аябай текшергенин кийин билдим. Адегенде, мени ушул коомго жумушка курсташым ыраматылык, белгилүү дипломат Урмат Саралаев чакырган.

Ал менден мурун ушул мекемеге ишке орношкон. Жумушка орношордун алдында мени Кыргызстандын коммунистик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык байланыш жана маалымат боюнча сектор башчысы Алмасбек Тилебалиевге чакырды. Буга чейин, ал Индия менен Пакистанда СССРдин элчилигинде иштеп келиптир. Ага киргенде эле мага англисче суроо берди. Мен анын суроолоруна англисче жооп берип, экөөбүз бир топ сүйлөштүк. Андан кийин Тилебалиев мен жөнүндө маалыматты КП БКнын пропаганда менен үгүт иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Талгарбек Сарбановго берген. Талгарбек агай кыргыздан алгачкылардан болуп СССРдин Тышкы иштер министирлигинин дипломатиялык мектебин испан тили боюнча адистигин бүтүп, БУУ жана Мексикада өлкөбүздүн элчилигинде иштеген экен. Сарбанов мени кабыл алып, дароо англис тилинде чыккан кайсы гезит же журналды окуйсун? - деген суроо берди. Мен Улуу Британиянын коммунистик партиясынын «Morning Star» жана СССРде англис тилинде чыккан «The Moscow News» гезитин окуйм, – деп жооп бердим. Абдан туура кыласын, мен ушул убакытка чейин испан тилинде гезит менен журналдарды окуйм – деди, Талгарбек агай. Ошентип, мени электен өткөрүп жумушка алышкан.

Достук коомунда дипломатиялык тажрыйба топтодум

Эң биринчи достук коомунда Кыргызстан жөнүндө пропаганда жүргүзүүнүн жолдорун үйрөтүштү. Бул багытта ар түрдүү адабият жана материалдарды топтоп, көргөзмө уюштурганды такшалдырды. Андан кийин ушул материалдардын негизинде көргөзмө жасап чет өлкөлөргө жиберчүбүз. 1978-жылдан баштап квартал сайын “Кыргызстан бүгүн” аттуу журналды “Московские новости” гезити менен биргелешип англис, араб, немис жана француз тилинде чыгара баштадык. Араб тилиндеги материалды белгилүү чыгыш таанучуу Валимжан Таңырыков текшерчү. Англис тилиндеги материалды өзүм көзөмөлдөчүмүн. Немис жана француз тилиндеги маалыматты чет тилдер факультетиндеги мугалимдер текшерип койчу. Ошол эле убакта бул журналга Кыргызстандын ар бурчунан тартылган сүрөттөрдү да жайгаштырганга Аскар Абдыгулов өңдүү бир топ сүрөтчүлөр жардам берди. Кыргызстанга чет мамлекеттен келген ар түрдүү делегацияларды тосуп алып жана коштоп жүрчүбүз. Ошондой эле биз чет мамлекеттерге барып Кыргызстан тууралуу маданий иш-чараларды уюштурчубуз. Акырындык менен дипломатиялык жаатта чоң тажрыйба топтодум.

Бангладешке жолдомо алуу

1985-жылы апрель айында Москвадагы баш кеңсебизден Бангладешке СССРдин элчилигинде үй-бүлөм менен барып иштеп келүүгө сунуш түштү. Мен дароо макул болдум. Баардык жумуштарымды өткөзүп, ошол жылдын ноябрь айында үй-бүлөм менен Москвага учуп келдим. Тышкы иштер министирлиги колума дипломатиялык паспортторду беришти. Бирок, эки жума Бангледештин борбору Дакка шаарына уча албай койдук. Себеби, жумасына СССРдин “Аэрофлот” авиакомпаниясы Москвадан Бомбей аркылуу Даккага бир жолу гана учат экен. Ошондо бөлүм башчыбыз Алексей Диков мага айтып калды, Калькутта шаарындагы СССРдин генералдык консулдугунун курамындагы маданий борбордун жетекчиси жердешиң Нургазы Кемелбаев. Ал сага Бангледешке өткөнгө жардам берет, – деди Диков. Мен макул болдум. Анткени эки апта Москвада жумушсуз жатып зериктим. Жетекчилик мени “Шермеметьево” аэропорту аркылуу Бангледештин визасын албай туруп, Калькуттага салып жиберишти. Азыркы күндө да жетекчилигим тобокелге салып мени жибергенине таң калам. Калькуттадан Нургазы ава тосуп алып, үч күндөн кийин Даккага салып жиберди. Ал жерден совет элчилигинин кызматкерлери тосуп алды. Биздин элчи мени советтик элчиликтин эмгек жамааты жана чет элдик дипломаттар менен тааныштырды. Бангладеште, мен элчиликтин ичинде маданий борбордун фильмотека бөлүмүн башчысы жана СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлүнүн орунбасары болуп иштедим.

Бангладеш менен Индиянын айырмасы

Бангладешдин менен Индиядагы Батыш Бенгал штатынын түбү бир эл. Болгону Бангладештин эли ислам динин карманат. Анткени, бул өлкөнүн калкынын 87 пайызын мусулмандар түзөт. Анча мынча христиан, буддизм жана индуизмди туткандар да бар. Ал эми Индиянын курамындагы бенгалдыктар индуизмди карманат. Бенгал калкынын эң белгилүү өкүлү Нобель сыйлыгынын ээси жазуучу Рабиндрат Тагор. Ошондуктан, Бангладеш менен Батыш Бенгалиянын калкынын тили, өң келбети, кийими, күнүмдүк турмушу жана каада салттары бирдей. 1947-жылы Пакистан менен Индия эгемендүүлүккө жеткенде, бир эл экиге бөлүнүп калган.
Бангладештин эли мени советтик мусулман деп сыйлаган.

Адегенде ар кандай кыйынчылыктар болду. Себеби, Бангладеште АКШнын таасири күчтүү болчу. Анын үстүнө бул өлкөдө аскердик төңкөрүш болгон. Мындай кырдалдан пайдаланып, америкалыктар совет элчилигинин маданий борборун жаптырган. Эки өлкөнүн ортосунда маданий байланыштар үзгүлтүккө учурап, СССР жөнүндө бангладеш эли такыр маалымат албай калган. Буга карабастан, биз абалды оңдош үчүн күнү-түнү иштедик. Алгач бангледештиктер мени менен таанышканда фамилиямды угуп, сен мусулмансынбы деп таң калып сурашты. Ооба мусулманмын – деп, жооп бердим. Бат эле калктын арасында мен тууралуу советтик мусулман деген сөз тарады. Кыска убакыттын ичинде бул фактор жергиликтүү бийлиги жана эли менен тил табышканга чоң өбөлгө түздү.

Бангладештин өкмөтүнө совет маданий үйүнүн ишин кайра жандантуу максатында, өлкөдөгү кинотеатрлар жана телевидение совет кинолорун көрсөтүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылдым. Алар мени мусулман экенимди эске алып, өтүнүчдү канааттандырды. Мындан сырткары, жергиликтүү телеканалдарында кварталына бир жолу совет киносу менен мультфильмдерди көрсөтүү укугуна жетиштим. Мындан бөлөк, Бангледештин радиосу жана гезиттери аркыуу совет элчилигинин иш-чараларын чагылдырып бергенге сүйлөшүүлөрүм оң жыйынтыгын берди. Алар байма-бай элчиликтин ишин чагылдырып турду. Советтик маданий үйүнүн маданий иш-чарасына жергиликтүү жолдошум аркылуу Бангладештин премьер-министрин Мизанур Чоудхурини чакырып аны катышуусун камсыз кылдык. Анткени, буга чейин советтик маданий үйү өткөргөн иш чарага Банладештин премьер-министрди кой башка жогорку деңгээлдеги чиновниктери такыр келчү эмес экен. Ал жогоруда айтылган иш-чарабызга келгенден кийин бангладештик гезиттердин баардыгы чагылдырды. Андан кийин бангладештик аткаминерлер биз өткөзгөн иш-чараларга чакыруубузду кабыл алып көпчүлүгү байма-бай катыша баштады. Өзгөчө жаш интеллегенция, ишкерлер жана студенттеринин өкүлдөрү менен мамилем тыгыз болду. Элчиликтин атайын меймандарды кабыл алуучу бөлмөгө аларды чакырып, дасторкон жайып пикир алмашуу адатка айланган. Бангладештин жаштары мындай мамиле кылганыбызга абдан ыраазы болушчу.

Жубайымдын советтик дипломатияга салымы

Дипломаттар чет өлкөдө иштеп жүргөндө алардын үй-бүлөсү ага зор таяныч болуп жана жергиликтүү калк менен тил табышканга чоң көмөк берет. Бир эле мисал: 1987-жылы Бангладештиги совет элчилиги Улуу Октябрь революциясынын 70-жылдыгына карата салтанаттуу кече өткөргөндө жубайым Чолпон Жакыпова 700 конокко палоо баскан. Бангладештеги совет элчилигинин тарыхында мындай окуя алгачкы жолу болуптур. Аялымдын ушундай тамагы менен меймандардын көңүлүн алганына жетекчибиз советтик элчи Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, полктун уулу, улуту белорус Виталий Смирнов аябай ыраазычылыгын билдирди. Ошол салтанаттуу кечеге келген жергиликтүү элита менен чет элдик дипломаттар да жубайымдын ашпоздук өнөрүнө жогорку баасын беришкен. Ошентип Бангладеште АКШ СССР жөнүндө түзгөн маалымат курчосунан жылчык таап, өлкөбүз тууралуу бангладеш элинин ичинде оң пикир түзө алдык. Бангладеште баш аягы төрт жыл сегиз ай иштедим.

Алмаз Батилов

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх