Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кылычбек Саркарбаев фамилиясын өзгөртүп, СИЗОдо отурган эмес»

Ош мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт комитети алардын жетекчиси тууралуу тарап кеткен маалыматты четке какты

Интернет айдыңында Bezpredel.kg группасында Ош мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев 2006-жылы фамилиясын жана туулган күнүн өзгөртүп алган деген маалымат тарап кеткен. Муну менен кошо ал ошол эле жылы СИЗОдо отурганы маалымдалган. Публикацияларга жогоруда айтылган маалыматты тастыктайт делген документин дагы тиркеп коюшкан.

Vesti.kg бул боюнча Ош мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт комитетине кайрылганда алар бул маалыматтын суу кечпестигин айтышты.

- Бул маалымат карандай калп, - деп ишендиришти комитеттин басма сөз кызматында. - Кандайдыр-бир үчүнчү жактар Кылычбек Саркарбаевдин аброюна шек келтириш үчүн мындай ушактарды улам чыгарып жатышат. Акча үчүн чыгарылган бизге белгисиз адамдардын буюртма публикациясы болушу мүмкүн. Чагымчыл аракеттерге алданып, ушактарга ишенбөөгө чакырабыз. Бул маалыматты текшере турган тийиштүү органдар бар.

Белгилей кетсек,  Bezpredel.kg группасы кийинчерээк бул документтин сүрөттөрүн өчүрүп салган

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх