Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын облусунун башчысынын орун басары: Биз эмне кыла алабыз? Үйүбүзгө чакырып, чогуу жашайлыбы?

Памир кыргызынын видео кайрылуусу боюнча облус администрациясы үн катты. Алардын айтымында үй-бүлөгө сунушталган турак жайдан алар өздөрү баш тарткан

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктүү өкүлчүлүгү Vesti.kg сайтына бийликтен акчалай жардам сурап, видео менен кайрылган памирлик кыргыз боюнча маалымат беришти..


Аймак башчысынын орун басары Жаркын Ибраеванын айтымында бул үй-бүлө аларга сунушталган турак жайдан өздөрү баш тарткан.


– Үй-бүлө бир алгач алып келген памирлик кыргыздар менен келишкен эмес. Алар өздөрү 2018-жылдын аягында келишкен. Биз бардык шарттарды түзүп бергенбиз - балдары мектепте окуп, бала бакчаларда тарбия алышууда.


Ал мындан сырткары, видеодо тартылган Рамазан аттуу жигит Кыргызстанга келгиси келбегенин кошумчалады.


- Биз аны менен Памирде жолукканыбызда, ал өлсө да Кыргызстанга барбасын айткан, - деди Ибраева. Кийин ал башка ат менен көчүп келди. Апасы пенсия алат, бир туугандарынын бирине майыптыгы боюнча жөлөкпул чегерилген. Үчөө мектепте бекер окуйт. Ал 20 жашта болгонуна карабастан Токтогулда мектепте окуйт. Биз башка эмне кыла алабыз? Үйүбүзгө чакырып, чогуу жашайлыбы?

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх