Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ӨКМ жүргүзгөн окуулардын айынан бүтүндөй бир районду түтүн каптады

Куткаруучулар резина күйгүзүшкөн. Санэпидемстанция мекемеге айыппул салбайт, бирок эскертүү бериши мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери окууларды жүргүзүп, резина жагышууда. Буга өз нааразычылыгын Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Алекс Егоров жеке баракчасында билдирген.

Ал ӨКМнин кызматкерлери окуу учурунда дөңгөлөктөрдү жагышып, алардан чыккан кара түтүн бүтүндөй районду каптап жатканын жазган.


ӨКМнин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына өрт өчүрүүчү бөлүктөр үчүн «Психологиялык сызык» аттууу окуулар жүрүп жатканын маалымдашты.


- Шаар бийликтери менен окуулар тууралуу макулдашуу болуп, алар кабарланган деп божомолдоп турабыз, - дешти мекеменин басма сөз кызматында.


Бишкектин мэриясы ал ортодо Vesti.kg сайтына учурда жалбырак жана резина жагууга каршы активдүү кампания жүрүп жатканын эске салышты. Тартип бузуучуларга 5 миңден 23 миң сомго чейин айып пул салынат.


Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Vesti.kg сайтына ӨКМне карата дөңгөлөктөрдү жагууга жол берилбери туурасында эскертүү берилерин билдирди. Министрлик Санэпидемстанцияны кабарлабаганы белгилүү болду.


- ӨКМ биз менен муну макулдашкан эмес, бирок, окуунун жүрүшүндө аларга резина жагууга туура келерин биз түшүнүп турабыз, - дешти Санэпидемстанцияда. - Биз алар менен окуулар айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеши керектиги туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх