Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда мусулмандар үчүн үйлөнүү агенттиги ачылды

Эксперт-теолог бүгүнкү күндө китепканаларга эч ким деле барбай калганын, ал эми клубдар - дин жолундагы адамдар үчүн таанышуу жайы эмес экенин белгиледи

Кыргызстанда мусулмандар үчүн алгачкы үйлөнүү агенттиги ачылды. Компания «Нусра» деп аталат жана ал таанышуу мүмкүндүгүн эле эмес, үй-бүлө куруу боюнча курстарды дагы сунуштайт.

Агенствонун негиздөөчүсү Амаль Миранова компаниянын Instagram социалдык тармагындагы баракчасында  өмүрлүк жолдошу менен буга чейин көптөгөн жуптарга үй-бүлө түзүүгө жардам берип келишкенин, эми муну ишке айлантууну чечишкенин жазган.
Эксперт-теолог Кадыр Маликов Vesti.kg сайтына берген маегинде башка өлкөлөрдө мындай үйлөнүү агенттиктери небактан бери эле иштеп келгенин белгиледи. Баса, абдан ийгиликтүү иштеп келишет.

- Жуучу жеңелердин институту мурда мусулман коомчулуктарынан башкаларда деле жайылган, - деди дин таануучу. - Кыргыз менен казактарда дагы бул кезиккен. Бейтарап бир жак жаштардын жакыныраак таанышып, бири-бирин билүүгө мүмкүндүк түзүп берчү. Бул, бирок күбөлөрдүн көзүнчө өтчү. Азыр жаштар үй-бүлө курууга башкача көз караш менен карашат, бул өңдүү агенттиктердин ачылганы да ошондон улам.

Маликов үйлөнүү агенттигинин администрациясы өз ишинде исламдын принциптерин сакташы керектигин кошумчалады.

- Башкысы - компаниянын кардарлары дагы үйлөнүүгө чейин жолукпай, аруулукту, пакизалыкты сактоо сыяктуу негизги мыйзамдарды сакташы керек, - деп кошумчалады ал. Ал эми мындай агенттиктин ачылышында эч кандай жамандык жок. Ал эмес, бул керек нерсе. Мурда советтик доордо элдер китепканаларда таанышчу, азыр ал жакка эч ким барбайт. Клубдардан болсо тааныша албайсың.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх