Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир тууган таякелери зордуктап… Бишкектеги медреселердин биринде окуган кумсанын үрөй учурган эскерүүлөрү (+18)

10 жыл өткөндөн кийин бишкектик кумса жүрөктү титиреткен окуясын айтып берүүнү чечкен

Үй-бүлөлүк зомбулук, балдарга карата сексуалдык ыдыктар туурасында окуялар Кыргызстанда, тилекке каршы, андай деле сейрек болбой калганына карабастан, мурдагыдай эле коомчулуктун үрөйүн учуруп келет. Бирок, бул кумсанын айтып бергени жакаңды карматпай койбойт. Vesti.kg жамааты жашоосунун жүрөк титиреткен барактары менен бөлүшкөнгө макул болгон бишкектик жаран менен маектеше алды. Албетте, анонимдүүлүк шартында.

(каармандардын аттары өзгөртүлдү)

Акбар 22 жашта. Бала чагынан эле ал өзүнө  эркек балдар жагарын байкачу. Ал тургай, бала бакчага барган кезинде эркек балдарды башкача көз караш менен карап калчу. Акбар мектептин 2-классында окуп жаткан маалда анын үй-бүлөсү исламга бериле баштайт. Динге болгон кызыкчылыктары радикалдык формага айланып, ага музыка угууга, телевизор көрүүгө тыюу салышып, болгон бош убактысын куран окуу менен өткөрүүнү талап кылышат.

Башталгыч класстарда ал анын эркек балдарга кызыгуусу - туура эмес көрүнүш экенин түшүнө баштайт.

«Ата-энем исламды кабыл алгандан тарта мен бул туура эмес экенин биле баштадым. Атам мага бир жолу: «Эгерде мен кумсага кезиксем, аны өлтүрүп салам» деген. Ал исламда мындай кишилерди өлтүрүп салууга жол берилерин айтчу. Мен өзүмдүү оорулуумун деп ойлочумун. Эмнеге адамдар өздөрүнөн бир аз эле башкача кишилерге мынчалык начар мамиле кылышарын такыр түшүнчү эмесмин. Бирок, ата-энем ал убакта менин ориентациям тууралуу мүмкүн билишкен деле болушу мүмкүн, анткени мен бала кезимде кыздын көйнөгүн кийип же жоолук салынып алып ойногонду жакшы көрчүмүн»,- деп сөзүн баштады маектешибиз.

«Мен коркконумдан зордукталганым жөнүндө ата-энеме айталган эмесмин. Ошондон кийин мен эркектерден корко баштадым»

Алты жашында кичинекей Акбар менен анын эжесин алардын алыскы тууганы зордуктап салган. Ал маалда алар ошол тууганынын үйүндө болушчу. Акбар шок абалында болгонунан эсинде эч нерсе деле калбаганын жашырган жок.

«Апам эжем экөөбүздү анын үйүнө калтырып кеткен. Алгач эжемди жуунучу бөлмөгө киргизип, чыгып туруп мени да кир деп айтканы эсмде. Шок абалында болчумун, эсимде деле жок. Бирок, менин эжем эч нерсени унутпаптыр. Биз экөөбүз жакында бул боюнча сүйлөшкөнбүз. Ал бир аз мурда сүйлөшкөн жигитине күтүүсүздөн турмушка чыгуудан баш тартып койду. Мен андан: «Баягы окуя үчүнбү?» деп сураганымда ал боздоп ыйлап кирди. Ал мага ал зордуктоону майда-чүйдөсүнө чейин айтып берген жок»,- деп эстети Акбар.

Экинчи жолу, ал 12-13 жашында аны бир тууган таякеси менен зордуктап баштайт. Бирөөсү аны оралдык катнашка барууга мажбурлайт. Ал кээде түн ичинде уктап жаткан балага келип ойготуп, ыплас аракеттерин жасачу.

«Таякем жыныс мүчөсүнө малинанын кыямын шыбап койду, анткени, менин жүрөгүм айланып, мындай кылбайм деп баш тартчумун. Түн ичинде ал кайра мунусун кайталашы мүмкүн болчу»,- дейт Акбар.

Муну менен зордуктоолор токтоп калган эмес. Көрсө, ага бир эмес, эки таякеси сексуалдык көрсөтчү экен. Экинчи тууганы да Акбарды башкалардай эле тез-тезден жыныстык катнашка барууну мажбурлайт. Бала өзүн колдонулган бир буюм катары сезип, ата-энесине бардыгын айтып берүүдөн жалтактап коркчу. Анткени, алар Акбарды бала чагынан бери жыныстык азчылык топторуна каршы агрессияны сезсе деп аракет кылып келишкен. Түшүнүшпөйт дечү. Ага кийинки кесепеттерге баш ургандан көрө бардыгын унутуп кою алда канча жеңил эле.

«Менин таякем менен апам абдан жакын эле. Аны көргөн сайын мээмден анын сүрөт түрүндөгү дене мүчөлөрү кетпейт. Мен ыйлачумун. Ал мени коркутчу»,- дейт биздин каарман.

«Мен диндин айынан өзүмдү башкара албай баратканымды түшүндүм. Ден-соолугумда олуттуу көйгөйлөр башталды»

Ата-энесинин ашыкча диний кысымынын айынан 16 жашында Акбарда алгачкы невроз белгилери байкалган. Ал шаардын сыртына даватка көп каттачу эле. Бир жолу даваттан келип, жуунучу бөлмөгө бекинип алып, буркурап ыйлап баштайт. Анда ал көп күнөөгө батканын сезип, тынымсыз эле даватта - пикирдештеринин арасында жүрө берүүнү каалайт.

«Мен даваттан кетким келчү эмес, анткени, ар бир баскан кадамым күнөөдөй сезилчү. Мен кудайга керекмин, ага жакын болушум керек деп ойлочумун. Ошентип, дин менен жашап калдым»,-деп айтып берди ал.

Акбар дин жөнүндө көп ойлонгону ата-энесинин ага исламдын принциптерин таңуулай беришкенинен деп ойлойт. Натыйжада, ал психикалык, физикалык жактан да ооруп, кээде башын үстөлгө ургулап, башка агрессиялык туткактар пайда болот.

«Алар мага жин кирип кетти деп ойлошуп, молдого алып барышкан. Молдо мени жарым жыл камчы менен ургулап дарылады. Молдонун камчы менен мени сабаганы бир жолу ушундай жиниме тийип, ата-энемди карадым да: «Кечинде силерди бычактап кетем» дедим. Ошондо өзүмдү башкара албай баратканымды сездим.
«Медреседен өзүмө окшогон адамды жолуктурдум»

Жарым жылдан кийин ата-энем менен молдо мага медреседе окууну сунушташты. Бул Акбардын жалгыз жолу деп эсептешчү алар. Бир жумага созулган моралдык кысымдан соң ал өз эрки менен медресеге барууга макул болот.

Диний окуу жай, анткен менен ага жагат. Ал чогуу окугандар менен бат эле тил табышып кетет,

Ал жерде окуганына жарым жыл болгондо Акбар медресенин бүтүрүүчүсү Мирбек менен таанышат. Өзүнөн бир жаш улуу Мирбек экөө көп убакыт чогуу өткөрүп, ортолорунда достук мамиле пайда болот. Кийинчерээк Мирбек Акбарга көңүлү бар экенин билдире баштайт. Алгач Акбар Мирбек ага дос катары жакшы мамиле кылса керек деген ойдо жүрөт, кийин ал колдорун кармалай баштаганда анан мамилесинин төркүнүн түшүнө баштайт.

«Мирбек бүтүрүүчү болгондуктан, мугалимдерге жакыныраак болчу. Ал мени жатаканадагы бөлмөсүнө жайгаштырууну суранып алды. Мобилдик телефону менен колдонгонго уруксат берчү. Менде бирок, ага карата жылуулук сезим жок болчу. Мирбек медреседе мен жакын сүйлшкөн жалгыз киши гана болчу. Бир жолу биз унаа менен шаар аралап жүргөнбүз. Унаадан чыгайын десем, токтотуп колумду кармап алды. Ошондо мен бардыгын түшүндүм»,- дейт Акбар.

Ошко тажрыйба өтүүгө чогуу барышканда Мирбек Акбар уктап жатканда аны өпкүлөп, уяттуу жерлерин кармалай баштайт. Андан кийин Мирбек эч нерсе болбогондой жүрө берчү.

Бир аз убакыттан кийин достору менен Ысык-Көлгө барышат, ал жерден Мирбектин демилгеси менен алар жыныстык катнашка барышкан.

Акбар Мирбекке ички гомофобия менен күрөшүүгө жардам берүүгө аракет кылат, бирок, берки жыныстык азчылык топтомдоруна эч кандай тиешем жок дечү.

«Мен аны сенен сүйлөшүп: «Сен кумса болушуң мүмкүн» дечүмүн. Кийин ал бир айга мамилебизди токтотуп турууну сунуштады. Ошентип биз сүйлөшпөй калдык. Жакында мен анын үйлөнгөнүн уктум».

Медресенин экинчи курсуна өткөндө Акбар окуусуна жетишпей баштайт да, мекемеден документтерин алып кетип калат.

Паникалык атакалар, психиатрлар, антидепрессанттар

Ушул жылы Акбарда нерв системасына байланышкан көйгөйлөр кайра башталат. Аны паникалык атакалар кыйнай баштайт, мындай маалда ага бул дүйнө менен коштошуп бараткандай сезилчү. Ал психиатрга барууну чечет, дарыгер - депрессия диагнозун тастыктайт. Тийиштүү дарыларды иче баштайт. Бактыга жараша, алардын шыпаасы тийип, жакында анын дарылануусу соңуна чыгат.

«Апам ориентациям жөнүндө билип калды»

2019-жылдын жай айларынын ортосунда Акбардын апасы анын жеке жашоосу төкпөй-чачпай жазылган күндөлүк дептерин таап алып, нес болуп калат.

Үйгө келатып, апасынан «Мен сени менен сүйлөшүшүм керек» деген билдирүү алып, апасынын анын ориентациясын билип калганын түшүнөт. Эки күндөн соң ал эмнеси болсо да үйүнө барууну чечет. Аны апасынын «Сен кумсасыңбы?» деген суроосу күтүп турган.

«Мен абдан корктуп, андыктан, баарын тана баштадым. Ал менин күндөлүгүмдө жазылган фактыларды биринин артынан бирин айта баштады. Менин дептерим эмес дедим айлам кетип. Акыр-аягы кумса экенимди мойнума алдым. Туугандардын зомбулугуна кабылганымды айтып бердим. Апам ишенген жок, актанып жатат деп ойлоду. Мен: «өз кызыңыздан сураңыз дедим». Ошондо ал ишенди окшойт. Кейий берип, анын да ден-соолугу бузула баштады»,- дейт ал.

Алгач ал Акбарга гомосексуалдыктан арылта турган дарыгерди таба турганын айтат. Азыр болсо анын жеке жашоосу тууралуу сөз өтө сейрек козголот.

Учурда Акбарга депрессия менен күрөшүүгө дарылардан башка сүрөткө тартуу дагы жардам берүүдө. Жакынкы аралыкта ал сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, өз эмгектерин чыгарууга ниет кылууда.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх