Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьерден жардам сураган памирлик кыргыздардын үй-бүлөсү белекке үй алышты (видео)

Үйдү аларга Россияда жашап, иштеген Кылычбек Турдукулов бергени белгилүү болду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге финансылык жардам сурап кайрылган памирлик кыргыздардын үй-бүлөсүнө Кара-Балтадан үй белек кылышты.Үйдүн ачкычын тапшыруу аземинин видеосун Фейсбуктун колдонуучусу Илгиз Шаменов жарыялаган.

Белгилүү болгондой, үйдү учурда Россияда жашап иштеген кыргызстандык Кылычбек Турдукулов белек кылган.

Видео кайрылууда памирлик кыргыздардын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн бири Рамазан аларга кол сунган адамга терең ыраазычылыгын билдирип, мындан сырткары, өкмөт жана башка мекендештерден да материалдык колдоо келип жатканын белгиледи.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх