Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте трансгендердик кыз журналисттерди соттон утуп алды

Бирок, Лола баары бир Фемиданын чечимине нааразы. Ал өзүн өзү өрттөп салганга даяр

Бишкектин Ленин райондук соту жергиликтүү NewTV телеканалын трансгендердик кыз Лолага анын катышуусундагы видеону жарыялашканы үчүн 10 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Лола өзү маалымдады.

Анын айтымында иш 2018-жылдын декабрь айында жле Октябрь райондук сотунда каралып, кийин материалдар Ленин районуна өткөрүлүп берилген.

-2018-жылдын октябрь айында биз курбум экөөбүз автоунаада бара жатканда автоинспектор токтотту, - деп түшүндүрдү ал. - Тагыраагы, ал кайдан-жайдан пайда болуп, жолубузуду тороп алды. Биз кичине айдап, алдыбыздан жашыл унааны көрдүк, биз алардын укук коргоо органдары экенин билген жокпуз. Эч кимиси өзүн тааныштырган жок. Мен коркуп кеттим. Баңгизат ыргытып же сабап кетишеби деп ойлодум. Унаанын эшигин ачкан жокмун, милиционерлер болсо ТВ журналисттерин чакырып жиберишти. Бизди видеого тартышып, жок дегенде беттерибизди жаап коюну суранганыбыз менен ошол бойдон интернетке чыгарып салышты.

Лола чуулгандуу видео үй-бүлөсү менен анын мамилесин бузгандыгын кошумчалады.

- Туугандарым менден баш тартып, апам мени шерменде кылдың дегени аз келгенсип, шаардын жарымы мени өлтүрүп салгысы келет, - деди ал. Азыркыга чейин шаарда жөн баса албай, өзүмдү багыш үчүн сойку болуп иштеп жүрөм. Видео чыккандан кийин  депрессияга кабылып, Грузияда дарыланып келгем. Сот болсо чыгымды 10 миң сомго болгону баалап койду.

Жабырлануучу биринчи инстанциянын чечими боюнча арыз менен кайрылабы-жокпу азырынча чече элек.

- Соттошконго мен алда канча көп каражат короттум, - деп белгиледи ал. Сот болсо телеканалды жарым-жартылай гана күнөөлүү деп таап койду. Мен трансгендердик кыздарды мынтип видеого тартып, аларды элге шылдың кылуу туура эмес экенин өзүмдүн мисалымда көрсөтөйүн дегем. Бирок, тилекке каршы болбой калды окшойт. Мен күрөшүүнү улантып, өзүмдү өрттөгөнгө дагы даярмын. Телеканалдын айынан трансгендердик активист кыз көз жумганын бүтүн дүйнө уксун.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх