Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте селсаяктар эски лимузиндерге жашап алышты (видео)

Бул автоунаанын түрүнө болгон суроо-талап жоголуп, алар азыр үч-жайы жок адамдардын баш калкалоочу жайына айланган

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда баш кошууга бел байлаган жаш түгөйлөрдүн көпчүлүгү үйлөнүү кортеждерине лимузиндерди эмес башка унааларды жалдап калышты. Мунун айынан Бишкекте качандыр бир кезде өтө популярдуу болгон унаалардын «мүрзөсү» пайда болду.

Көз карандысыз журналист Владимир Цай лимузиндердин токтоочу жайынын бүгүнкү күндөгү абалын көрсөтүп, учурда бул унаалар селсаяктардын уктоочу жайына айланганын айткан.

«Качандыр бир кезде булар байларды, чет элдик ырчылар менен жаш түгөйлөрдү ташычу эле. Эми болсо селсаяктардын баш калкалоочу жайына айланышты. Лимузиндердин мүрзөсү же ар нерсенин өз убагы бар», - деп жазган Цай.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх