Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ал өзү ойсоңдоп тийишкен».Мамлекеттик ишкананын директору кызматкерине төшөк мамилесин сунуштабаганын айтты

Жаныбек Дүйшеев мурдагы кызматкеринин сөзүн четке кагып, кыз өзү ага чогуу бир жерге отуруп келүүнү сунуштаганын белгиледи

«Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы» МИнын директору Жаныбек Дүйшеев Vesti.kg сайтына кол алдындагы кызматкер аялдын «мага төшөк мамилесин сунуштады» деген сөзүн четке какты.


- Жумуштан алынган кызматкерлер ушундай жол менен, мындайча айтканда, менден өч алууну чечишкен, -деди Дүйшеев. - Алар өз каалоосу менен жумуштан кетишкен, анткени, өздөрүнүн көптөгөн кемчиликтерин билишчү. Алардын бирөө завхоз, бирөө-бухгалтер (архивариус). Архив менен чарба ишинде чаржайыттык болуп кеткен. Алардын эмгек акылары чындыгында өтө төмөн. Завхоздуку - 6 миң. Ал жумуштан кете тургандыгы жөнүндө арыз жазганда мен анын калышын сурандым, анткени, мындай аз акчага иштей турган кишини ордуна таба алмак эмесмин. Ал, эгерде, мен ал үчүн акча коротуп, бир жерге отуруп келсек анан макул болорун айтты. Бир нече жолу бир кече, мейманкана уюштуруу керектигин эске салган. Бул анын сөздөрү. Дайыма ойсоңдоп тийишчү.


Мамлекеттик ишкананын директору кол алдындагы кызматкерине «мейманканы өзүң тап» деп тамаша иретинде гаан айтканына ынандырды.


- Бардыгы эле бул видео тууралуу билишти го деп ойлойм, - деп ойлойм, - деп божомолдоду ал. Мейманкананы өзүң тап деп, тамаша иретинде эле айткам. Ал болсо, муну тийишүү катары көрсөтүп койду. Ал тарткан видео башында узунураак болчу: кабылдаманын эшиги ачык, элдер кирип-чыгып жатышат. Ал ортосунан кичинекей бир бөлүктү кесип алып, ошону ыдык катары көрсөтүп жатат. Өзүңүздөр ойлосоңуздар, эшик ачык болсо, ал жерде эмне болушу мүмкүн эле?


Мындан сырткары, Дүйшеев тергөө кызды бул маалыматты тергөө жүрүп жаткан маалда жарыялабоо керектиги тууралуу эскерткендигин белгиледи.


- Юридикалык баа берилгиче бул тууралуу унчукпоо керектигин жөнүндө тергөө ага эскерткен, - деди ал. - Анткени, алар ар тараптуу текшерүү кылышат да. Кыз болсо жарыялап, кимдир-бирөөлөргө айтып берип салды. Менин бул жерде абдан ишим көп. Болгону жарым жылдан бери иштеп жатам. Штат мага чейин эле бекиген. Мен келгенден бери бөлүмдөрдөгү бардык мүчүлүштүктөрдү кетиргенге аракет кылып жатабыз. Чарба иши менен архивдеги маселелерди чечүү эле калган. Ал муну жакшы билет. Мындай айлыкка бул жерге эч ким келбейт экенин түшүнөт. Бирок, ушундай өңүттө муну чыгарууну тандады.


Сөзүнүн жыйынтыгында Жаныбек Дүйшеев тергөө бул факт боюнча юридикалык баасын бермейинче убактылуу учурда иштебей турганын маалымдады.


- Маанилүү документтерге кол коюу үчүн гана келип турам, - деди ишкананын директору. - Иш токтоп калбашы керекк да. Биз ал кыздын ордуна жаңы кызматкерди таптык. Жаңы жылдан кийин эмгек акыларды көбөйтүү керек. Чындыгында адилеттүү эмес. Жумуш жооптуу, ал эми айлык өтө аз.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх