Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Төрөтмөйүн эч жакка кетпейм». Акушер-гинеколог бийик тоолуу аймакта кабыл алган төрөтү туурасында

Индира Мырзалиева деңиз деңгээлинен 4000 метрден жогору аймакта этникалык кыргыз аялдын төрөтүн кабыл алды

Бир нече күн мурда Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча Өкмөттүн мүчөсү, Медициналык академиянын окутуучусу, дарыгер-гинеколог Индира Мырзалиева жергиликтүү жашоочу Амиш кызы Кыргоолдун төрөтүн кабыл алды. Төрөт деңиз деңгээлинен 400 метр жогоруда өткөн. Бул тууралуу Медициналык академиянын басма сөз кызматы маалымдады.

- Төрөт кабыл алуу коркунучтуу эмес, - деп белгиледи Индира Мырзалиева Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Мен Чүй облустук төрөт үйүндө да акушер-гинеколог болуп кошумча эмгектенем. Биздин бригада аялдарга жардам берүүгө кубанычта болду. Кош бойлуу кыздын аты жөнү Амиш кызы Кыргоол экен, 18 жашта. Ал бизге кайрылып, качан төрөөрүн сурады. Кароо учурунда ал төрөттүн биринчи этабында экенин түшүнүп, ага төрөтү жакындап калганын айттым. Экспедициянын мүчөлөрүнө «Бул кызды төрөтмөйүн эч жакка кетпейм» дедим. Жыйынтыкта, төрөт ийгиликтү өтүп, 13-октябрда эркек наристе төрөлдү.

Муну менен бирге Индира Мырзалиева анын жүрөгүн өйүгөн маселеге да токтолду.

- Памирге жол абдан узак, - деп белгиледи ал. - Бизди ал жерде кош бойлуу аял күтүп жаткан. Ал төрөдү. Бирок, башка аялдардын айтуусу боюнча, анын тону түшпөй аял көз жумуптур. Мен буга абдан жүрөгүм ооруп турат. Бул тууралуу сүйлөшүү керек. Жолдо эки күнгө кармалып калбаганыбызда аялды сактап кала алмакпыз, менимче.

Бийик тооолуу аймактын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Айына жетпей төрөлүү, бойдон түшүү тобокелдери бар. Бир түрлүү тамактануудан балдар аз салмак менен төрөлүшөт.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх