Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ырчы Кайрат Кыргыз депутаттыкка аттанмакчы

Эпатаждуу артист ага бир нече саясатчыдан сунуш түшкөнүн жашырган жок

Кайрат Кыргыз аты менен белгилүү болгон эстрада ырчысы Кайрат Салмакеев Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанат. Бул тууралуу артист өзү «Барс Медиага» берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ага бир нече сунуш түшкөн, бирок, кайсы партия менен парламенттик шайлоолорго катышарын ал тактаган эмес.

«Мен: «Ушул партияга же ушул кишиге шайлайм» дебейм. Мен: «Мага шайлагыла дейм». Ооба, мен тамашалап жаткан жокмун. Мен депутат болоюн деп жатам. Ал эми кайсы партия менен барарымды силер жакында билесиңер», - деген ал.

 

Эске салсак, Кайрат Кыргыз сахнадагы өзүнүн эпатаждуу стили менен белгилүү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх