Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн районундагы Молдомуса Конгантиев көчөсү пайда болду

Шаардык мэрия айрым учурларда көчөлөргө тирүү адамдардын ысымын ыйгарууга болорун такташты

Бишкектик тургун «Репортер» порталына «Полицейский городок» жаңы конушундагы көчөлөрдүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганын маалымдаган.

- Кечээ биз Көк-Жар жана Аламүдүнгө жакын жайгашкан жаңы конуштагы көчөгө мындай ат берилгенин тактадык, - деп жооп беришти Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматында. - Аламүдүн району шаардык муниципалитеттин компетенциясына кирбейт. «Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды каттоо жөнүндө» жобосуна ылайык, географиялык объектилерди ачууга, иликтөөгө жана өздөштүрүүгө түздөн түз катышкан, ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият өкүлдөрүнүн жана мамлекетке эмгек сиңирген башка инсандардын аттары өзгөчө учурларда шаар жана башка конуштардан башка аты жок географиялык объектилерге берилиши мүмкүн. Башкача айтканда, кээ бир учурларда тирүү адамдардын ысымдары менен көчөлөрдү атоого мүмкүн.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх