Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

  Elite House: Биз Спорт сарайында жүргүзүп жаткан ремонт иштеринин ордуна ал жерде өз иш-чараларыбызды өткөрүп турабыз

 

Курулуш компаниясынын өкүлү алар өздөрүнө тыянак чыгарышып, коомдун пикирин эске алышарын билдирди

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Авланбек Жумабаев жеке баракчасында Кожомкул атындагы Спорт сарайы өз залын «Elite House» курулуш компаниясына тренингдерин өткөрүүгө акысыз берип турарын жазып чыккан.

«Силер билек элек дагы башка маселе бар.«Elite House» башкасы аз келгенсип,  үч жыл ал жерде акысыз тренингдерин өткөрүп турат»,- деп жазган Жумабаев.

Ал ортодо «Elite House» компаниясынын пиар-менеджери Бакай Самыйбек Vesti.kg сайтына берген маегинде «акысыз тренингдер» деп айтуу бир аз туура эмес экенин, анткени, алар Спорт сарайын менен «эки тарапка пайдалуу» шарттарда кызматташып жатышканын белгиледи.

- Муну «мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» деп коет. Биз эки тарапка пайдалуу шарттарда кызматташып жатабыз. Макулдашуунун алкагында биз ремонт жүргүүдөбүз, ордуна бизде иш-чараларыбызды бул жерде өткөрүү мүмкүндүгү болот.

Самыйбектин айтымында алардын компаниясы өз милдеттерин азырынча толук деңгээлде аткарып бүтө элек. Алар айрым жерлерде дагы оңдоп-түзөө иштерин жасап,ошондой эле көшөгөнү алмаштырууну пландаштырышууда.

Мындан сырткары пиар-менеджер коомчулуктун жаңыланган отургучтарына айтылган сындары боюнча, компания өзү үчүн «айрым тыянактарды» чыгарганын айтты.

- Биз коомчулуктун пикирин эске алып, өзүбүз үчүн айрым тыянактарды чыгардык, - деп ишендирди Самыйбек. - Элдердин талкууга кызуу катышып, имараттын тагдырына кайдыгер карашпаганы эле жакшы саамалык.

Өз кезегинде Спорт сарайынын директорунун орун басары Самат Токтоналиев Vesti.kg сайтына кезектеги жолу телефон аркылуу жооп берүүдөн баш тартты.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх