Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кайрат Кыргыздын артынан «Чыпалак баатыр» да шайлоого аттанууда

Балбан учурда шайлоого катышуу үчүн партия түптөөдө

«Чыпалак баатыр» каймана аты менен белгилүү кыргызстандык келерки жылдагы парламенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал «Super.kg» порталына берген маегинде билдирген.

Аликенов мындай чечимге элдин колдоосу менен келгенин белгиледи.

«"Карапайым эл өзү колдоп, шайлоого бар деп жатышат. Мен дагы алардын колдоосу менен мекен үчүн күйгөн, жүрөгү кыргыз деп соккон адамдарды чогултуп, партия түптөп, шайлоого катышууну чечтим. Партияны өзүм жетектейм. Партияга кишилер чогулгандан кийин анын атын коюп, программасын иштеп чыгабыз. Андан соң эл алдына чыгабыз. Азырынча жүрөктө жалыны бар, эл үчүн күйгөн адамдарды партияга чакырам«», - деген «Чыпалак баатыр».
Эске салсак, кечээ-жакында эле депутаттык орун үчүн күрөшө тургандыгын эстрада ырчысы Кайрат Кыргыз дагы билдирген эле. Ал бүгүнкү күндө ага бир нече сунуш түшкөнүн айтып, бирок, кайсы партия менен шайлоого катышарын тактаган эмес.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх