Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын мурдагы вице-спикери Кыргызстанда жыныс алмаштырууга тыюу салууну сунуштады

«Балдарыбыздын келечеги, адеп-ахлактуулукту, кыргыз элинин салт-санаасын сактап калуу үчүн»

Кыргызстанда жыныс алмаштырууга мыйзам чегинде тыюу салууга III жана IV чакырылыштын депутаты, экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков сунуштоодо.

«2018-жылы республика боюнча 11 адам жыныс алмаштырган. Мен муну табияттын өзү жана адамзаттын тарыхына каршы чыгуу катары кабыл алам, - деп билдирди ал. - Мындайга мамлекеттик деңгээлде тыюу салыш керек. Анткени, бул келечекте коомчулуктагы чоң пикир келишпестиктерге алып келиши мүмкүн».

Экс-вице-спикер бул көрүнүш көйгөй катары кабыл алынбай калганын туура эмес деп эсептейт. Ал биздин өлкөдө салттуу эмес сексуалдык багыттын өкүлдөрү жүрүштөргө эркин чыгып, сексуалдык азчылыктарга «толеранттуу мамиле көрсөтүү» идеологиясын колдоого чакырган плакатттар менен ар кандай акцияларды уюштура алышат.

«Бул терс көрүнүштөр мусулман, христиан жана башка диндерге каршы келишет, - деп баш чайкады Исабеков. - Бир жыныстуу жубайлардан бала төрөлүшү мүмкүнбү эмне? Алар кантип балдарды асырашат?! Алардын кимисин балдар апа, кимисин ата деш керек?!»

Жынысты алмаштырууга уруксат берген саламаттыкты сактоо министрлигин алдындагы комиссиянын ишин ал жетиштүү эмес деп эсептейт.

«Өкмөт бир колу менен уруксат берип, экинчи колу менен тыюу салат, - деп кейиди экс-нардеп. - Эшек этине байланышкан чыр эске келет. Кытай менен эки тараптуу макулдашуу бар дешкен анда да, ал эми Бажы кодекси эшек этин киргизип-чыгарууга уруксат берет жана бажы төлөмдөрүнүн чендери көрсөтүлөт. Бирок, эшектердин реалдуу экспортунун көлөмү расмий көрсөткүчтөрдөн 6-7 эсе көп болчу да».

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх