Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин жашоочулары Сооронбай Жээнбековдон сейил бакты сактап калууга жардам берүүсүн өтүнүшүүдө (видео)

«Куруучулар 70 жылдын тарыхы бар бак-дарактарды кыйган жатышат. Жардам берип, чара көрүүңүздү суранабыз»

Бишкектин жашоочулары президент Сооронбай Жээнбековго, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарына Республиканская көчөсүндөгү паркты сактап калууга жардам сурап кайрылышты.

Жергиликтүү тургундар Vesti.kg сайтына өздөрүнүн видео кайрылуусун жиберишкен. Анда ал жердеги бак-дарактар тээ 1950-жылы эле отургузулганын айтышкан.

«Бул жерде биздин балдар ойношот, биз өз күчүбүз менен балдар аянтчасын жасап, селкинчек жана турник орнотконбуз. Бакиевдин маалында чоңдор бул жерге жеке турак жай салууга уруксат берип коюшуптур. Ушунча жылдан бери биз өз алдыбызча күрөшүп, сотко дагы кайрылдык, бирок, маселе чечилген жок. Куруучулар 70 жылдык тарыхы бар бак-дарактарды кыйган жатышат. Бул туура эмес. Биз мурда «жашыл шаар» делчү элек го. Сизден жардам сурап, чара көрүүңүздү суранабыз», - дешкен бишкектиктер.

«Бишкек Башкы архитектуранын» басма сөз катчысы Ринат Шамсутдинов Vesti.kg сайтына, аталган жер тилкеси Биринчи май райондук администрациясы тарабынан 2006-жылы эле жеке турак жай салууга берилгенин маалымдады.

- 2006-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан мамлекеттик акт берилген, - деди ал. - Аталган тилкеге жеке турак жай салууга 2009-жылы курулуштун долбоорун алынган

Муну менен бирге Шамсутдинов курулушту баштардан мурда жарандар Бишкек мэриясынын Жер колдонуу жана курулуш башкармалыгынан уруксат алуулары керектигин эске салды.

Шаардын муниципалитеттин Жер колдонуу жана курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына аталган жер тилкеси 2017-жылы кайра сатылганын билдирди.

2017-жылдын 19-майындагы N201788637 - сатуу-сатып алуу келишимине жана N219515 «Ч» мамлекеттик актысына ылайык, 433 чарчы метрлүү Республиканская көчөсүндөгү 9д жер тилкесинин ээси Таалайбек уулу Ы. болуп саналат, - деп маалымдашты алар. Жеке турак жай курууга уруксат 2019-жылдын 18-майындагы №66 «Курулуш тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын 2-беренесинин 1-пунктуна ылайык, бүгүнкү күндө күчүн жоготту.

Таалайбек уулу Ы. уруксат жогоруда айтылган мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген эмес, башкача айтканда, жер тилкесинде башталган азыркы курулуш иштери мыйзамсыз.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх