Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өзгөчө сунуш». Соцтармактарда кыргызстандык айымдарга веб-моделдин жумушун ачык эле сунушташууда (фото)

«Жумуш берүүчүнүн» айтымында сырткы келбет жана англис тилин билүү маанилүү деле эмес

Социалдык тармактарда кыргызстандык жаш кыздарга жогорку эмгек акы төлөнгөн веб-модель жумушун активдүү сунушташууда.

Facebook социалдык тармагындагы жарыяда аталган жумушта иштөө үчүн англис тилин билүү жана кыздардын сырткы келбети маанилүү деле эместиги айтылат. Жаш курагы боюна гана жалгыз чектөө бар.

«Жумуш берүүчү» 500 доллардан 1000 долларга чейинки эмгек акысын убадалайт.

Эске салсак, сойкулук менен алектенүүчү көмүскө жайды уюштуруу же кармоо КРнын ККнин 261-беренеси боюнча жазаланат.

Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына соцтармактагы бул жарнама боюнча текшерүү башталганын маалымдашты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх