Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык балбан эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды (видео)

Улугбек Жолдошбеков 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнирде жеңишке жетишти

Кыргызстандык балбан Улугбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюму анын беттешүүсүнүн видеосун өз Youtube порталындагы каналына жүктөгөн.

23 жашка чейинки спортчулар арасында турнир Будапешт шаарында 28-октябрдан 3-ноябрга чейин өтүүдө.

Улугбек Жолдошбеков финалдык беттешүүдө Индиядан келген атаандашы Равиндер Равиндер менен күч сынашкан. Жыйынтыкта кыргызстандык 5:3 эсебинде жеңишке жетишкен.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы күрөш боюнча бешинчи дүйнө чемпионаты өтүүдө. Кыргызстандыктар ар кандай жаш курак категориялары боюнча турнирлерге катышып келишкен. Мисалга айтсак, ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону аталса, ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов коло медаль тагып кайткан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх