Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жол сакчылары тонировканы өлчөй турган атайын шаймандарды колдоно башташты

ЖКККББ унаанын алдыңкы терезелерин мыйзам боюнча 70 пайызга караңгылатууга болорун эске салды

Кыргызстанда ИИМнин ЖККББнын кызматкерлерине унаанын жарык өткөрүү деңгээлин өлчөй турган шаймандар берилди.
Мекеменин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына шаймандар бүткүл республика боюнча милиция кызматкерлерине берилгенин маалымдашты.

- Бул шаймандарды сатып алууга буга чейин тендер жарыяланган, сынактын жыйынтыгы менен биринчи этаптын негизинде Россиядан биринчи партия алынып келинди, - деп маалымдашты алар. - Кийинчерээк дагы алып келишет. Алар бардык кызматкерлерге жетет.

«Тоник» шаймандарын жол сакчылары үстүбүздөгү жылдын 22-октябрынан тарта колдоно башташкан.

- Мыйзам боюнча автоунаанын алдыңкы капталдагы эки жана маңдайкы айнегин 7- пайызга караңгылатууга болот, - деп эске салышты милицияда. Мыйзамсыз караңгылатуу үчүн 5500 сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Эгерде жарык өткөрүү деңгээли мүмкүн болгон нормадан ашса, анда унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх