Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чет элдиктер тоо текелерге мыйзамдуу аңчылык кылышкан. Био ар түрдүүлүктү сактоо департаменти чуулуу сүрөттөр боюнча үн катты

Мекеме, мындан сырткары өлтүрүлгөн жаныбарлар Кызыл китепке кирбегендигин белгилешти

Соцтармактарда кызуу талкууланып жаткан Кыргызстандын аймагындагы тоо текелерге болгон аңчылык мыйзамдуу жүргөн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Био ар түрдүүлүктү сактоо департаменти билдирди.

- Бул фактты биз маалымат базадан текшерип чыгып, аңчылык мыйзам чегинде жүргөнүн аныктадык, - дешти департаментте. Чүй облусунда Сибир эликтерине аңчылык мыйзамдуу жүргөн. Тиешелүү кагаздары бар. Нарын облусунда орун алган тоо текелерге аңчылык дагы бардык керектүү документтердин негизинде өткөн. Бул жаныбарлар Кызыл китепке кирген эмес.

Департаменттин био ар түрдүүлүк объектилерин жаңылоо жана жөнгө салуу секторунун адиси Абазбек Конкулиев Vesti.kg сайтына, бул жылы Сибирь текелерине аңчылык кылуу 700 баштан өйдө болбош керек деген чектөө коюлганын тактады.

Эске салсак, кечээ @Black.list_kg истаграм-аккаунтунда Кыргызстандын аймагында чет элдик аңчылардын тоо текелердин өлүктөрү менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланган. Сүрөттөр социалдык тармактардын колдонуучуларынын катуу сынына кабылган.

Интернет колдонуучуларынын нааразычылыгынан кийин аңчылар жана тоо текелерге аңчылык кылууга мүмкүндүк берген @Huntinginkyrgyzstan туристтик агенттиги өз аккаунттарын жаап салышкан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх