Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самат Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп баштады

Дарыгерлердин айтымында, Чүй облусунун ИИББнын башчысы акырындан баса баштады

Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

- Ал акырындан баса баштады, - дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинде. - Туруп, колу-буттарын машыктырып жатат. Өз алдынча сүйлөй дагы баштады.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияда учурунда башынан оор жаракат алган.

Кийинчерээк, министрлик Курманкуловдун абалы жакшырып жатканын белгилеп, үн жасоочу аппараттын жардамы менен сүйлөп баштаганын кабарлаган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх