Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги жаңы «Ынтымак» сейил багындагы пианинону сындырып кетишти 

 Музыкалык аспап август айында орнотулган эле

Бишкектеги Манас проспекти менен Түштүк магистралдын кесилишинде орун алган жаңы «Ынтымак» сейил багында орнотулган пианинону белгисиз адамдар сындырып кетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окурмандарыбыз маалымдап, музыкалык аспаптын азыркы абалын сүрөт жана видеого тартып да жиберишкен.

Белгилей кетсек, пианино үстүбүздөгү жылдын 30-августунда - сейил бактын ачылыш күнүндө орнотулган эле.

Vesti.kg бул боюнча Октябрь районунун акиминин орун басары Таалай Акматбаевге кайрылган.

- Музыкалык аспап эмне себептен бузулду текшериш керек - аба ырайынын шарттары себеп болдубу же шаардыктар бузуп коюштубу, - деп жооп берди ал. - Менин жеке оюмча, пианинону кышында сейил бактан алып кетүү зарыл. Ал негизи имараттын ичинде турушу керек да. Ошон үчүн, жок дегенде жаз келгичекти алып кетүү керек го.

Акматбаев, мындан сырткары, бүгүнкү күндө «Ынтымак» сейил багы «Шаардык сейил бактар» МИнын балансында экенин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх