Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ай-Данектеги» уятсыз анекдот: Балдар гезитинин ээсинин айтымында бул атайын уюшулган «подстава» болгон

 Токтайым Үмөталиева бардык тираж сатуудан алынып салынганын билдирди

Балдардын «Ай-Данек» гезитинде уятсыз сөз жазылган анекдот жарыяланган. Гезиттин биринчи барагынын сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап, басылма катуу сынга кабылган.

«Ай-Данектин» ээси, коомдук ишкер Токтайым Үмөталиева Vesti.kg сайтына бул «подстава» болгон болушу мүмкүн экендигин билдирди.

Анын айтымында акыркы бир нече жылдан бери ал айрым саясатчылардын куугунтугунан жабыркап келет.

- Бүгүнкү күндө менин Фейсбук баракчам жана верстка кылган кызматкердин электрондук дарегин да бузуп киришкен, - деп тактады ал. Бул анекдот эч жерде жок, эч ким аны басууга жиберген эмес. Мен ал маалда иш сапары менен Австрияга кетип бараткам. Бүткүл тиражды алып салууну чечкем. Тираж болгону бир жарым миң даана болчу. Мектептерге жиберилгендерди колдон келишинче чогулттук. Бирок, 100-200дөй эле гезитти артка кайтарып беришкен. Бирок, бул өлкөдөгү абалды өзгөртүп деле жибербейт да. Мындан сырткары, юридикалык тил менен сүйлөп, соттошо турган күндө деле, уятсыз сөз деп айтууга ал жерде негиз жок.

Үмөталиева башка ата-мекендик гезиттер деле ката кетиришерин, бирок, бул үчүн катуу сынга кабылышпасын белгиледи.

- Биздин жергиликтүү гезиттер күн сайын толгон-токой туура эмес маалыматтарды, балдар жөнүндө адепсиз анекдотторду жана башкаларды басып чыгарышат, бирок, эч ким унчукпайт, - деди ал. Учурда бир катар ЖМКлар мага каршы иштеп жатышат. Бул адамга дагы рахмат - мен балдар гезитинин жүгүн жалгыз көтөрүп келе жатканыма эми көңүл бурушат. Мен аны кааласа президентке, билим берүү департаментине,мэрияга өткөрүп берүүгө даярмын… Биз соода белгисин алып, интернетке кетип жатабыз.

Куугунтук боюнча Токтайым Үмөталиева өзүнүн кеңсесинде тыңшоочу жабдык таап алганын айтып берди.

- Мен эч качан эч кимге даттанган эмесмин, бирок, 2005-жылдан бери мени акмалап келе жатышат, - деди ал. Үйүмө, балдарыма, кеңсеме кирип келишип, тоноо фактылары да болгон. Милицияда толтура козголгон кылмыш иштери жатат, бирок, кыймылдаган эч ким жок. Акыркы маалда электрондук даректерди бузуп, ача башташты, өзгөчө мен кен байлыктар менен айып пулдар жөнүндө айтып чыкканымдан бери. Алар «Ай-Данек» - менин жалгыз киреше булагым деп ойлошуп, гезит аркылуу менин оозумду жабалык дешти окшойт. Куугунтукту президенттик аппараттын оорун басарларынын бири уюштурду, мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев да анын тапшырмасын аткарган. Акимдердин бири бул жөнүндө айтып алган. Биз анын сөздөрүн жаздырып алганбыз.

Сөзүнүн жыйынтыгында Үмөталиева гезиттин барагында жарыяланган адепсиз анекдоттон кийин ата-энелер редакцияга арызданып кайрылышпаганын кошумчалады.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх