Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жакынкы күндөрү тез татым жайлары текшерилип, «коопсуз эместери» жабылат

 Мындан сырткары, эреже бузгандарга 13 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат

Бишкектеги тез татым жайларында жакынкы эки күндө өрт коопсуздугу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамлекеттик экотехинспекциянын Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Жоодар Атакеев билдирди.

Бүгүн борбор калаанын мэриясы тез тамактануучу жайлар текшерүүгө алынарын жарыялады, бирок, Атакеев рейд өткөрүүгө мүмкүн эмес экенин, анткени, 2020-жылга чейин мораторий коюлганын эске салды.

Анын айтымында, Мамлекеттик экотехинспекциянын инспекторлору эки күн бою ишкерлерге газ баллондорун колдонуунун коркунучтары туурасында айтып беришет.

- Тез татым жайлары ишкерликтин объектилери болгондугуна байланыштуу, прокуратуранын жазма буйругу жана Экономика министрлигинин уруксатысыз биз текшерүү жүргүзө албайбыз, - деп тактады Атакеев. - Бүгүнкүгө профилактикалык иштерди уюштуруу чечими кабыл алынган, ал эми бүрсүгүнү биз эрежелерди көзгө илбегендерди аныктоо үчүн жер-жерлерге милициянын аймактык инспектору жана акимиаттын өкүлү менен барабыз.

Ал көзөмөл органынан текшерүү өткөрүүгө жазма буйрук азырынча түшө электигин белгиледи.

- Бизде уруксат жок, бирок, эгерде текшерүү учурунда мүчүлүштүктү оңдобогон эреже бузуучулар аныкталса, биз андайларга чара көрөбүз, - деп кошумчалады Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлү.

Атакеевдин айтымында, эреже бузуучулар 13 миң сом айып пулга жыгылып, ал эми тез тамактануучу жай жабылат.

Эске салсак, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан «Антошка» тез татым жайынан өрт чыгып, анда иштеген бир кызматкер кыз көз жумуп, 14 адам түрдүү жаракат алган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх