Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кочкор-Атанын ооруканасында аялдар эмчектеги балдары менен муздак тепкичтерде отуруп, кезек күткөнгө аргасыз (фото)

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берди

Кочкор-Ата шаарынын жашоочулары Facebook социалдык тармагында Балдар реабилитациялык борборундагы шарттарга нааразычылыктарын билдиришти.
Бейтаптар психоневрологиялык бөлүмгө таң заардан кезекке турушуп, айлалары жок бетон тепкичтерде отурушары жазылган билдирүүдө.

- Аялдар эмчектеги балдары менен 3-4 саат кезекте отурушат, - деп кейиген Facebook колдонуучусу. – Алар муздак тепкичтерге отурганга аргасыз. Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул маселеге көңүл бурууга суранабыз.

Министрликтин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына бейтаптарды кабыл алган невролог врач реабилитациялык борбордо жеке кабинет ачканын такташты.

- Ал Кочкор-Ата мэриясы менен келишимдик негизде жеке кабинет ачып, балдарды кабыл алат, - деп такташты алар. -Реабилитациялык борбордун администрациясы дарыгер менен бейтаптарды кабыл алуу графигин кайра карап чыгуу боюнча сүйлөштү. Реабилитациялык борбордо неврологиялык оорулар менен балдарды кабыл алуу жүргүзүлбөйт. Аларды Кочкор-Атанын Үй-бүлөлүк медицина борбору карайт.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх