Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бир колу жок» кайырчыны чечинтишкенде анын алты саны аман болуп чыккан (видео)

Аны кармап алган эркектердин пикиринде элди ушундай жол менен алдап шугулданган жаш жигит айында 50 миң сомго чейин табат

Кыргызстанда эркек адамдар бир колун кийимине катып алып, өзүн майып катары көрсөтүп, кайыр сураган жаш жигитти кармап алышкан. Окуянын видеосу Facebook социалдык тармагында жарыяланган.

Анда жаш жигиттин автоунаага келип, акча сураганы көрүүгө болот. Майыптыгын тастыктап берүүсүн суранышканда ал чечиниши керектигин айтат.
(Осторожно, ненормативная лексика)

Андан кийин видеодо аны эркектердин чечиндирип атышканы, кайырчынын майып эмес эле, алты саны аман жигит экени көрүнөт.

Кайырчы бала айына 50 миң сомго чейин табаарын кадрдын артындагы адам айтат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх