Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин 7 күн эс алышат 

Өкмөт эс алуу күндөрүн жылдыруу тууралу токтомдун долбоорун иштеп чыкты 

2020-жылдын эс алуу жана иш күнүболбогон майрам күндөрүн туура пайдалануу максатында өкмөт «Эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтомдун долбоорун иштеп чыкты.

Токтомдун долбооруна ылайык, жумасына беш күндүк иш ыргагы менен иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери үчүн, - 24-февралдын эс алуу күнү ( 23-февраль эс алуу күнүнө туш келгендиктен) 2-январдагы иш күнүнө жылдырылат, 9-марттагы эс алуу күнү (8-март эс алуу күнүнө дал келиши менен) 3-январдагы иш күнүнө жылдырылат, 23-марттагы эс алуу күнү (21-март эс алуу күнүнө туш келип, эс алуу күнү эсептелгендиктен) 6-январдагы иш күнүнө жылдырылат, 11-майдын эс алуу күнү (9-май дагы эс алуу күнүнө туш келип, эс алуу күнү болгондуктан) 4-майдагы жумушчу күнгө жылдырылат.  

Майрам жана иш эмес күндөрдү туура пайдаланууга, ушул токтомдун долбоору менен жеке менчик макамындагы беш күндүк иш күнү графиги менен иштеген юридикалык жактардын жетекчилерине аталган жылдырууларды колдонуу сунушталат. 

Ошентип, Жаңы жыл майрамын майрамдоодо өлкөбүздүн атуулдары 1-январдан баштап 7-январга чейин жана май майрамдары учурунда 1-майдан 5-майга чейин эс алышат. 

Өкмөттүн тийиштүү токтом долбоору учурда министрликтер жана мекемелер арасында макулдашуудан өткөрүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын 

Өкмөтүнүн аппратынын 

маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх