Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекти каптаган кир аба

Таштандыларды жана дарактардын жалбырактарын өрттөгөн шаар тургундарына 200 жүз миң сомдон ашык айып пул салынды

Бир ай ичинде эле 20дан ашык протоколдор түзүлдү.

Бишкекте таштандыларды жана жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн ноябрь айында 20 шаар тургундары айып төлөгөнгө билдирүү алышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына шаардык муниципалитеттин санитардык-экологиялык патрулунан кабарлашты. 

- Өткөн айда бардыгы болуп 20 протокол түзүлгөн, алар боюнча айып пулдардын жалпы суммасы 273 миң сомду түздү, - деп белгилешти мекемеден. - Протоколдор күндөлүк турмуштагы таштандылар жана жалбырактарды гана эмес, өндүрүштүк таштандыларды да өрттөгөндүгү үчүн жазылган. Аталган беренелер боюнча физикалык жактарга 5,5 миңден 7 миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга - 17,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып пул салынат. 

Белгилеп кетсек, кийинки мезгилде Бишкекти каптаган кир абанын темасы өзгөчө талкуулангандардын катарында. Суук катуу түшкөн убакта Бишкектин кээ бир райондорунда ууланган заттардын концентрациясынын эң жогорку чегинен бир канча эсе жогорулап кеткен. Көптөгөн шаардыктар мезгилдин реалдуу режиминде абанын кирдеген деңгээлин байкап туруу максатында  телефондор үчүн тиркемелерди пайдаланышууда. 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх