Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самат Курманкулов өткөн окуялар тууралу көзүнө жаш алып эскерди 

Чүй облустук ИИББнын башчысы тамашалашып сүйлөй баштады 

Чүй облустук ИИББнын башчысы Самат Курманкулов  өткөн окуялар тууралу көзүнө жаш алып эскерди. Бул тууралу Facebook  социалдык түйүнүндөгү өз баракчасына Кыргыз Республикасындагы medi компаниясын өкүлү,  «Фарм-Альянс» компаниясынын директору, медицина илимдеринин кандидаты Татьяна Дементьева Москвадагы клиникалык ооруканага баргандан кийин  жазган. 

Анын айтымында, Чүй облустук ИИББнын башчысынын абалы кыйла жакшырган.

(автордун орфографиясы жана  пунктуациясы сакталган, - ред. эск.)

«Самат өтө көңүлдүү сүйлөшүп олтурду, тамашалашып жатты, өткөн окуялар тууралу көзүнө жаш алып эскерип жатты, эмнегедир, бул да кадыресе туура, себеби, өзүм да көз жашымды араң токтотуп олтурдум...

Биз бири-бирибиздин колубузду бекем кармап олтуруп, ушунчалык жакшы сүшлөштүк. Самат өзүнө кандай процедуралар жасалып жаткандыгы, кандай көнүгүүлөргө барып жаткандыгы, реабилитациялоодо кандай жетишкендиктер болгондугу, кандай тамактарды жакшы көргөндүгү, ошол эле учурда биздин таттууга болгон кызыгуубуз бирдей экендиги  тууралу айтып берип жатты - мен дагы таттууну аябай жакшы көрөмүн...», - деп жазат Татьяна Дементьева.   

Жыйынтыктап жатып ал, кыргызстандыктардын Самат Курманкуловду өлкөбүздө чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын кошумчалады. 

бул жерде скрин болот

Эске салсак,  Самат Курманкулов 7 август күнү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы атайын операция учурунда жабык баш-мээ жаракатын алып, баш-мээси чайкалган жана баш-мээси оор деңгээлдеги жаракатка тушуккан.  

Кийинчерээк, Саламаттыкты сактоо министрлиги Курманкуловдун саламаттыгынын оң жакка өзгөрүп бара жаткандыгын белгилеген. Кабарлангандай, ал убакта облустук ИИББнын башчысы үн жасоочу аппараттын жардамы менен сүйлөй баштаган. 

Андан тышкары, 11- ноябрда белгилүү болгондой, Самат Курманкулов  өз алдынча басып жана сүйлөй баштаган. 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх