Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кикбоксинг боюнча үчүнчү жолу дүйнө чемпиону аталган кыргызстандык мушкер президенттен батир сурады (видео)

Авазбек Аманбеков башка спортчулар сыяктуу эле стипендия алып турууга татыктуумун деп эсептейт

Кикбоксинг боюнча үч жолку дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков президент Сооронбай Жээнбековдон колдоо сурап, видео менен кайрылды.
Спортчу атлеттерге мамлекет башчысынан берилген турак-жай менен стипендия алууга өзүн татыктуу деп эсептейт.
Өз кайрылуусунда Аманбеков мамлекет тарабынан көптөгөн спортчуларга жетиштүү мамиле көрсөтүлбөй, алардын мээнети менен эл аралык аренадагы жетишкендиктери байкалбай жатканын белгилеген.

Эске салсак, 23-30-ноябрда Анталья шаарында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейинки салмак категориясында «фулл-контакт» бөлүмү боюнча алтын медаль тагынган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх