Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Строкова: Менин окуучуларым менен тааныштарым Ширин Айтматованы клубдардан көрүшкөнүн, анын жүрүм-туруму жөнүндө айтып беришчү

Парламент мүчөсү жазуучунун кызын анын башына түшкөн оор мезгилде сындап чыкканына өкүнбөйт

Ширин Айтматованын дарегине жазган сын-пикири боюнча ЖК депутаты Евгения Строкова сөздөрүн артка тартууга ниети жок экенин билдирди.

- Мен ал туш болгон абалын шылдыңдап жаткан жокмун, тескерисинче, кейип турам, - деп ишендирди парламент мүчөсү. - Ширин башка бирөөлөрдү айыптагандан мурда өз үй-бүлөңө көбүрөөк көңүл бөлүшү керек. Ал беш жылдан бери деле кандайдыр-бир билдирүүлөрү менен чыга алмак. Ал Матраимовду коррупцияга айыптап, өзүн аппапак көрсөтүп жатат. Анын мурдагы кесиптештери ал башка коррупционерлер менен өтө жакшы тааныш болгонун айтып жатышат. Белгилүү себептерден улам мен алардын аттарын атай албайм. Менин окуучуларым менен тааныштарым аны клубдардан көргөнүн, жүрүм-туруму жөнүндө айтып беришчү. Өзүңдү периште кылуунун кереги жок болгону, менимче.

Vesti.kg Евгения Григорьевнага кайрылып, ал Ширин Чынгызовнаны башына түшкөн кыйын ушул кырдаалда, башкача айтканда жолдошу кармалган убакытта сындап чыкканына өкүнбөй эле бекенин сурадык.

- Жазгандырымды туура деп эсептейм, - деди ал. Сөзүмдү артка албайм. Башкаларга асылардан мурда, өзүңдү жакшылап кара. Ал өтө жакшы жашарын дагы караш керек. Мунун бардыгы ага кайдан келген? Ага деле толгон-токой суроо бар. Эмне ал азыр гана коомчулукка чыкты? Артында ким турат? Өзү чыгып жатканына ишенбейм. Ал беш жыл парламентте отурган. Азыр болсо депутаттык кызмат жөнүндө өмүрү укпагандай сүйлөп жатат. Абдан кызык, чынында.

Тактай кетсек, ЖК депутаты Евгения Строкова мурдагы эл өкүлү Ширин Айтматованын күйөөсүнүн кармалышы боюнча комментарий берип,
залкар жазуучунун кызына үй-бүлөлүк иштер менен алектенүүгө жакшы себеп болгонун жазган.

Парламент мүчөсүнүн сөздөрү коомчулуктун катуу сынына калган. Колдонуучулар Строкова Ширин Айтматова кабылган абалды шылдыңдап жатат деп айыпташкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх