Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Голос» шоусу: Кыргызстандыктар Нуржигит Субанкуловду өз добуштары менен колдой алышат

Долбоордун катышуучуларынын тагдырын бүгүн телекөрүүчүлөрдүн добуштары чечет. Добуш берчү маалда биздин мекендештер уйкуда болот, бул жагдай Нуржигитти тынчсыздандырууда

Россиянын «Голос» шоусунда катышып жаткан Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов мекендештеринин колдоосуна муктаж.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнч түнкү саат 00:30да долбоордун чейрек финалы түз эфирде өтүп, анда катышуучулардын тагдырын телекөрүүчүлөр аныктамакчы.

«Мага добуш берүү үчүн түз эфирди тыңдап туруу керек. Тилекее каршы, биз, катышуучулар СМС билдирүү жиберүү керек болгон өзүбүздүн персоналдык номурларыбызды билбейбиз. Добуш берүүдөн мен долбоорго катышуумду улантамбы-жокпу билинет. Кыргызстанда эфир түнкү 00:30га туура келип калат экен, ал маалда элдин көбү уйкуда болуп калат го деп тынчсызданып жатам», - деп жазган ал.

Нуржигит Субанкулов буга чейин долбоордон чыгып кала жаздап, бирок, аны Константин Меладзе алып калган.

Анда кыргызстандык ырчы америкалык артист Крис Айзектин аткаруусундагы Wicked Game ырын ырдаган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх