Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Александр Крестинин өзү менен Жээнбековдун сүрөтү түшүрүлгөн килем жөнүндө: Ал канчалык баалуу экенин элестетип көргүлө! (фото)

Кыргызстандын футбол курамасынын машыктыруучусу кайсы оюнчу бул жылы мыкты болгонун айтып берди

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Тажикстандын командасы менен тең чыккандан кийин 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын кийинки тандоо этабына өтүү мүмкүнчүлүгүн алда канча азайтып койду. Учурда Кыргызстан топтордун саны боюнча Тажикстанды ашып, F тобунда экинчи орунду ээлеп турат. Дүйнө чемпионатынын кийинки тандоо этабына өтүү үчүн группада биринчи орунду ээлеп же болбосо AFC турнирдик жадыбалынын экинчи сабында турган эң мыкты командалардын катарына кирүү зарыл.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Александр Крестинин ал өзү биздин кураманынын 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына чыгуу мүмкүндүгү канчалык деп ойлоп жатканын жана Кыргызстандын эң мыкты оюнчусун ким деп эсептерин айтып берди.

Александр Сергеевич, сиз өзүңүз биздин кураманын дүйнө чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгү боюнча эмне деп айта аласыз?

-Эми, турнирдик абалды баарыбыз көрдүк. Башкача айтканда, Тажикстан менен тең чыккандан кийин мүмкүндүк өтө көп эмес, бирок, бар. Биз акыркы беттешүүдөн кийин гана таблицаны билебиз. Бирок, албетте, күрөшөбүз, колдогу болгон мүмкүндүктү пайдаланып калууга тырышабыз. Биздин оюндардын сапаты жакшы, бирок, жыйынтык мындан жакшыраак болсо деген ой. Кайра эле, бул үчүн убакыт керек.
Биз дүйнө чемпионатынын тандоо турлары үчүн квалификацияда мыкты эл аралык мелдештерде, AFC кубогунда ойноп, чоң тажрыйба алып жатканыбызды унутуп калабыз. Бизде атаандаша алгыдай күч бар. Ооба, жыйынтыктар ар кандай болуп калууда, бирок, башкысы - биз мелдештердебиз, туруктуу процесстебиз. Биз өсүштөбүз. Футболдун өнүгүшү мына ушунда.

Команданы күчтөндүрүү үчүн кайсы жаш оюнчуларды курамага киргизмекчисиз?

-Бизде жаш же кары оюнчу деген түшүнүк жок. Паспортторун ачып карабайм. Бүгүнкү күндө улуттук кураманын мүчөсү болууга татыктуулар ойноп жатат. Биз бардыгына көз салып турабыз. Кимдир-бирөөгө жаштар курамасында болуп турууга убакыт керек, шарттуу түрдө. Бирок, кайталап кетейин, биз бардыгына көз салып турабыз.

Биздин оюнчуларды башка клубдарга чакырышабы? Сиз буга кандай карайсыз?

-Албетте, чакырышат. Биздикилер Малайзия, Бангладеш, Беларуссияга дагы кетишет. Бул алардын жеке жашоосу, жеке келишимдери. Алар кетип, акча табышат, карьерасын түзүшөт.

Сиз жеке өзүңүз кимди кураманын мыкты оюнчусу деп эсептейсиз?

-Менин жеке пикиримде - бул Фархат Мусабеков. Анын оюн талаасында өткөргөн убактысы, мүнөттөрү абдан көп. Арийне, биз техника-тактикалык аракеттерин, пайдалуу аракеттеринин коэфициентин карайбыз. Менин оюмча, Фархат бул жылы эң мыкты ойноду. Негизи, бирок, бирөөнү эле аныкташ абдан оор. Ошол эле Кичин, Алыкулов, Рустамов дагы абдан жакшы сезон өткөрүштү. Татыктуу компания. Бирок, менин жеке пикиримде Мусабек мыктыраак болду.

Биздин кураманын астында турган бүгүнкү күндөгү маселелер?

-Баягы эле маселелер. Биринчиден, бул материалдык-техникалык база. Башкы маселе - улуттук кураманы эле эмес, жаштар командаларын даярдоого ылайыктуу спорттук комплекстердин жоктугу. Ошондой эле, футболдук академия түзүү. Каржылоо маселеси да чечилген. Жер тилкесин бөлүп берүү маселеси ачык бойдон турат. Эртең Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында бул маселе талкууланат. КРнын Футбол федерациясы 8-10 гектар көлөмүндөгү жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылып, аталган борбордун макетин сунуштаган.
Стадион куруу жөнүндө сөз болгон жок - долбоорду ишке ашырууга өтө көп акча кетет. Футболдук борбор машыгуу талааларынан, медициналык борбору, мейманканасы бар административдик имараттан турган комплексти түшүндүрөт.
Аталган объектинин курулушу ФИФА, АФК жана эл аралык донорлордун кайтарымсыз гранттарынын эсебинен пландаштырылууда. Бюджеттик акчалар сарпталбайт. Бул багытта иштер алдыга жүрүүдө. Сооронбай Шарипович бул идеяны абдан колдоп жатат, андыкнтан, менимче бардыгы ойдогудай болот.

Баткен облусунун Футбол ассоциациясынын жетекчиси күйөрмандардын атынан сизге өзүңүздүн жана президенттин портрети түшүрүлгөн килем белек кылды. Аны эмне кылайын деп ойлоп жатасыз?



-Үйгө илип коем. Килем колго жасалган, хенд-мейд. Канчалык баалуу экенин элестетип көргүлө! Ювелирдик эмгек. Мага, айтор, абдан жакты. Президент мага «Данакер» орденин тапшырган маалда тартылып алынган сүрөттүн өзүнөн жасалыптыр.


Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх