Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чоң-Алай районунда маркумдарды акыркы сапарга узатууда ашыкча чыгымдага тыюу салышты

 «Мурда адам өлгөндө үч күн бою мал союп, элди коноктошчу, мындан ары буга тыюу салынды»

Ош облусунун Чоң-Алай районунда маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда ысырапкорчулукка тыюу салынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан маалымдашты.

- Мурда адам өлгөндө үч күн бою мал союп, элди коноктошчу, мындан ары буга тыюу салынды, - деп белгилешти алар. - Мындай чечимди сөөк коюудагы ашыкча ысырапкорчулукка каршы чыгышкан райондун жашоочулары өздөрү кабыл алды.

Чечим үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында Даарот-Коргон айылындагы мечитте чогулган жергиликтүү жашоочулар тарабынан кабыл алынган.

Белгиленгендей, мындан ары маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында алыстан келген адамдар үчүн гана дасторкон жайылат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх