Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербургга Токтогон Алтыбасарованын эстелиги коюлат

 

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Токтогон апа Ленинград курчоосунан келген 150 баланы асырап баккан

Легендарлуу Токтогон Алтыбасарованын эстелиги Санкт-Петербург шаарына коюлат. Бул тууралуу орус ММКлары маалымдады.

Мемориалдын ачылышы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналат. Демилгечилер - Санкт-Петербург мэриясы менен коомдук уюмдар.

Эстеликти орнотуу маселелеринин үстүндө маданиятына эмгек сиңирген ишмер Султан Раев иштөөдө. Токтогон Алтыбасарованын уулу Марат Абдиев мемориал Томскиде жасаларын, анын эскизи даяр экенин кошумчалады.

1942-жылы 18 жаштагы Токтогон Алтыбасарова Кыргыз ССРнин Күрмөнтү айылындагы айылдык кеңештин катчысы болуп турган. Ал жерге Ленинград курчоосунан эвакуацияланып келген 1,5 жаштан 12 жашка чейинки 150 балдарды ал ошондо курсактарын тойгузуп, кийим тигип берип, наристелерге бешик ырларын ардап, айтор, апа ордуна апа болуп берген.

Кээ бир балдардын аты-жөнү жазылган биркалар жолдо жоголуп же көрүнбөй калгандыктан, Алтыбасарова алардын көбүнө жаңы ысым койгон. Кичинелери аны апа дешсе, чоңураактары «Тоня эже» дешкен.

Токтогон Алтыбасарова 2015-жылы 11-июнда көз жумган. Ал Ысык-Көлдөгү туулган айылында жерге берилген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх