Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин мэри футболдук борбор тууралуу: FIFA Кыргызстанда стадион курууга грант бөлгөн эмес

Азиз Суракматов Кыргызстандын Футбол федерациясы алгач жер тилкесин алып, андан кийин грантка арыз тапшырууга ниеттенген болушу мүмкүн деп божомолдоду

Кыргызстанда футболдук борбор курууга FIFA тарабынан 10 млн доллар өлчөмүндөгү грант бөлүнгөн эмес. Бул тууралуу журналисттерге Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирди.
Ал борбордун курулушу тууралуу маселе мыйзамдын алкагында каралып жатканын айтып берди.

- 2018-жылы борбор калаада жер тилкелерин бөлүп берүүгө тыюу салынган, - деп түшүндүрдү шаар башчысы. - Ошондон бери шаардык мэрия жеке түзүмдөргө бир дагы тилке бөлүп берген жок. Футбол федерациясы устав боюна жеке түзүм болуп эсептелет. Эгерде жер тилке бөлүнө турган болсо, бул мыйзам бузуу болуп калат. Биз бул багытта Футбол федерациясы менен мындан ары дагы сүйлөшүүлөрдү улантабыз.

Мындан сырткары, Суракматов Кыргызстанда футболдук борбор курууга FIFA 10 млн доллар өлчөмүндөгү грант бөлбөгөнүн билдирди. Буга чейин КРнын Футбол федерциясы эгерде муниципалитет жер тилкесин бөлүп берүүгө макул болбосо, грант үстүбүздөгү жылдын 31-декабрында «күйүп кетерин» жарыялап жаткан эле.

- Грант 31-декабрдан күйүп кетерин ырастаган документтер жок, - деп белгиледи шаар башчысы. - Кыязы, мындай грант болгон эмес. Алар алгач жер тилкесин алып, андан кийин грант алуу үчүн арыз тапшыралык дешсе керек. Биз бул маселени кысымсыз кароону өтүнгөнбүз. Бирок, бүгүнкү күндө эмне болуп жатат көрүп жатпайсыздарбы.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх