Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусиялык футболчу Погребняктын жубайы кыргызстандык таксист менен чыры эмне менен аяктаганын айтып берди (видео)

 Айдоочу окуянын өз версиясын айтып берген

Москва шаарында белгилүү орус футболчусу Павел Погребняктын жубайы Мария Погребняк менен чатакташа кеткен кыргызстандык айдоочу убактылуу Яндекс. Такси кызматында иштөөдөн четтетилди. Бул тууралуу Мария Instagram социалдык тармагындагы жеке баракчасына жазган.

Тактай кетсек, буга чейин Мария Погребняк таксист менен ызылдашып жаткан видеосун жарыялаган. Анын айтымында айдоочу ал суранган дарекке алып келгенин мойнуна албай, орой түрдө унаадан түшүрүп салган. Мария, ошондой эле такси айдоочусу анын баштыктарын жерге таштап салып кетип калганын тартып алган. Рулда Тилек аттуу кыргызстандык айдоочу болгону белгилүү. Ал жүргүнчү айым аны бетке чаап жибергенин айткан.

Кийинчерээк Погребняк алардын чырына чекит коюлганы тууралуу пост жазган.



Фото жана видео www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх