Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы футболдук борбордун курулушу ушул жылы башталышы мүмкүн

КРнын Футбол федерациясы учурда керектүү документацияларды чогултууда

Кыргызстандагы футболдук борбордун курулушун үстүбүздөгү жылы баштоо пландаштырылууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова маалымдады.

- Декабрдын аягында биз Кыргызстандын атына грантты бекитип эми Орок айыл өкмөтүнүн аймагында футболдук борбор курууну баштайбыз, - деп эске салды ал. -Бардык керектүү документтерди учурда каттап жатабыз. Бул тез эле бүтчү процесс эмес, бирок, башкысы биз грантты өзүбүзгө бекитип калдык. Курулуш иштери бардык документтер жасалып бүтүп, бөлүнүп берилген аймакта деталдуу план чийилгенден кийин башталат. Мунун бардыгын болушунча тез убакытта аткарууга аракет кылабыз. Азыркы этапта курулуш үстүбүздөгү жылы эле башталышы мүмкүндүгүн айта алам.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Бишкек шаарына футболдук борбор курууга гранттык каражат бөлгөнүн жазган.

Бирок, жаңы стадион үчүн жер тилкесин бөлүп берүүдө КРнын Футбол федерациясы менен Бишкек мэриясынын ортосунда пикир келишпестик чыккан.

Муниципалитет сунуштаган жер тилкелерин федерация ылайыктуу эмес деп тапкан.

Футболдук фанаттар шаардык мэриянын имаратынын алдына тез арада жер аянтын бөлүп берүү талабы менен митингге чыкмакчы болушкан.

Жыйынтыкта Футболдук федерацияга Сокулук районан жер бөлүнүп берилген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх