Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айланма жолдогу транзиттик аймакта жайгашкан май куюучу жайларды тикенек зым менен тосуп коюшту (видео)

Казак тараптан аскер кийимчен адамдарды көрүүгө болот

Айланма жолдогу транзиттик аймакта жайгашкан май куюучу станцияларды тикенек зым менен тосуп коюшту. Бул тууралуу «Короче» телеграмм-каналы маалымдайт.

Казак тарапта аскер кийимчен адамдардын турганы белгиленди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Vesti.kg сайтына кийинчерээк маалымат бере алышарын билдиришти. 

Кыргыз-казак чек арасынын «Актилек -автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда үч катар кезек күткөн жүк ташуучу унаалар чогулган.

«Автоунаалар чек арада турганынан төрт жумадай болду, бир нече чакырымдык тыгын пайда болду», - деп билдирген окуянын күбөсү.  

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх