Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги электрондук билет системасы. Ага макул болбогон айдоочулар да бар (фото)

Автобус менен троллейбустун айдоочулары «шабашкасыз» кала турганына нааразы

Бишкекте автобус менен троллейбустардын айрым айдоочулары электрондук билет системасына каршы чыгышууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Тулпар» долбоорунун коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш боюнча адиси Бекжан Акматбеков билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн социалдык тармактарда кагаз жана скотч менен үстүнөн чапталган валидатордун сүрөтү тараган.

Акматбековдун айтымында, жабдык бузулган эмес, иштейт, аны троллейбустун айдоочусу өзү чаптап салган.

- Бул кадимки саботаж, - деди ал. - Кээ бир айдоочулар электрондук билеттердин киргизилишине каршы чыгышууда. Бул адамдык фактор. Буга чейин акчанын бир бөлүгү айдоочунун чөнтөгүндө калчу да, шабашка мындайча айтканда. Бирок, биз азыр түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Валидаторду өз билемдик менен чаптап салган айдоочу жазаланат.

- Аталган факт боюнча маалыматты биз Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына жибердик, алар айдоочуга карата чара көрүшөт.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх