Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Октябрьски районый». Одоно каталар менен жазылган текстти милиция кызматкерлери жазганбы? (фото)

Сот аткаруучулар катага толгон жарыяга тиешебиз жок деп актанышууда

Биринчи май райондук соттун мурдагы имаратынын кашаасына сот аткаруучулар башка дарек боюнча көчүп кетишкени тууралуу жарыя илинген. Бул жарыянын сүрөтү тез эле интернетте тарап кеткен, анткени, андагы толгон-токой катаны байкабай коюу оңой эмес эле.

«Октябрьски районый. Судебный исполнители переехали по адресу ул. Раззакова 17», - деп баракчада орусча жазылып турган.

Соцтармактын көптөгөн колдонуучуларын тексттин чектен чыккан сабатсыздыгы кыжарданткан.

Ал ортодо Октябрь районунун сот аткаруучусу Мирлан Ногоев жарыяны көрүп, «жакасын карманганын» Vesti.kg сайтына билдирди.

- Биз бул көрнөктү көрүп, өзүбүз нес болдук, - деп белгиледи Ногоев. - Аны дароо эле алып таштаганбыз. Сот жана сот аткаруучулар бул тексттин жазылышына эч кандай тиешелери жок. Бизде А4 форматындагы кагаз колдонулат. Имаратта аны кайтарган милиция кызматкерлери гана калган. Кыязы, элдер келип сурай беришкенинен алар сот аткаруучуларынын башка жакка көчкөнүн ушинтип маалымдоону чечишкен.

Кийинчерээк, ошол эле жерге башка баракча илинген, бирок, ал деле катадан кур калган эмес. Тагыраагы, Раззаков көчөсү «Разаков» деп жазылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх