Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» аэропортунда Үрүмчүдөн учуп келгендер текшерилип жатат

Кытайда тарап жаткан короновируска байланыштуу адистер дене табы жогору жана инфекциондук ооруларга шектелген жүргүнчүлөрдү аралыктан аныкташууда

Эл аралык «Манас» аэропортунда Санитардык-карантиндик пункттун (СКП) кызматкерлери дене табы жогору жана инфекциондук ооруларга шектелген адамдарды аралыктан аныктоо үчүн атайын тепловизорлор менен иштешүүдө.

Кытайда тарап жаткан короновируска байланыштуу СКПнун кызматкерлери күн сайын каттаган Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамынын жүргүнчүлөрүн текшерип жатышат.

2020-жылдын 23-январынан 1-февралга чейин Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамы убактылуу токтотулат.

Маалымат үчүн: Декабрдын аягында кытай бийлиги Ухань шаарында келип чыгышы белгисиз пневмониянын тарап жатканы тууралуу кабар беришкен. Илдеттин козгоочусу коронавирустун жаңы түрү -2019-nCoV экени алдын ала аныкталган. Бүгүнкү күндө вирус Кытай өлкөсүнөн сырткары да тарап кеткен. Жугузуп алуу учурлары Тайвань, Түштүк Корея, Япония, АКШ, Тайланд, Сингапур, Гонконг жана Австралияда катталган.

Эл аралык «Манас» аба майданынын басма сөз кызматы
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх